www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда мектеп мугалимдерин өз тармагына тиешеси жок кез келген жумушка таруу жергиликтүү билим берүү системасын аксатып келет.

Блогер жана ташкенттик журналист “Оздолик” радиосуна берген маегинде ондогон мугалимдердин даттануусунан кийин ушундай бүтүмгө келгенин билдирди.

“Биздин мугалимдер кез келген жумуш менен алектенет, кагаз ташыйт, пол жууйт, батирлерди аралайт, бирок балдарга гана билим бербейт, себеби аларда башка убакыт жок”, - деди Макаренко.

Никита Макаренко бул маселени соцтармактарда көтөргөндөн кийин көйгөйгө Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева менен президенттин администрациясы кийлигишти.

Саида Мирзиёева мугалимдерди сабактан башка ишке аралаштыруу туура эместигин айтып, жергиликтүү бийлик органдарына ишти көзөмөлгө алууну тапшырды.

"Биз мугалимдерге бекер жумуш күчү катары кароону токтотушубуз керек", - деп жазды Мирзиёева Фейсбуктагы баракчасына.

Президенттин администрациясынын башчысынын орун басары Комил Алламжонов Телеграм каналы аркылуу мугалимдерди сабактан бөлөк иштерге мажбурлоону токтотууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости