www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Би-би-синин» журналисти Стивен Розенберг Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон пресс-конференциядан эмне үчүн «качып» кеткени боюнча түшүндүрмө берди.
Британиялык журналисттин айтымында, ал редакцияда маанилүү жумуш чыгып калганына байланыштуу иш-чарадан кетүүгө аргасыз болгон.
«Биз маалыматты жеткиришибиз керек болчу. Малым болгондой «Би-би-сиде» ар кандай телеберүүлөр, радиоуктуруулар көп. Ошондуктан оперативдүү иштешибизге туура келет. Ал күнү да ушундай ситуация болду. Мен Путин менен жолугушуудан кетип калганым аны сыйлабастыкты билдирбейт», - деди Стивен Розенберг.
Мага Путиндин кайрылуусу күтүүсүздөн болду. Ал «өзүнүн стилинде» жооп берди жана Путин «өзүнүн оюн өтө так» билдирди. Бизге суроо берүү мүмкүнчүлүгүн бергени үчүн абдан ыраазыбыз» , - деп жыйынтыктады ал.
Эске салсак, Путиндин журналистер менен жолугушуу учурунда Стивен Розенберг Владимир Путинден Москванын Вашингтон жана Лондон менен мамилелеринин «кейиштүү абалда» болгону үчүн жеке өзү жооптуубу же бул жерде орус бийлиги «белый и пушистый» болуп калабы деп сураган.
Өз кезегинде Путин журналисттин суроосуна «Эмне сиз бизди акмак деп ойлойсуз?» деп жооп берген.
Ошондой эле ал Батыш өлкөлөрү биргелешкен курал-жарактарды контролдоо келишиминен чыгып жаткандыгын айып, Россия, НАТО өлкөлөрүнө салыштырмалуу, «белый и пушистый» экендигин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg