www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы бийликти алмаштыруу үчүн Атамбаев байлыгын аянбай чачкан. Бийлик алмаштырууга кеткен акчанын башкы өзөгүн Атамбаевдин акчасы түзгөн. Ал нааразычылык митингдерин уюштурууга, маалымат беттеринде БЭКти даңазалоого жана башка иш чараларды өзүнүн эсебинен жабдыган. Атамбаевдин бийликти алууга жанталашып жатканын бийлик билген, бирок таназар алган эмес. Сапар Исаков, Аалы Карашев, Нурканбек Момункуловго окшогондор бийликке кирип алышып, мите курттай ичтен жеп жатышкан.

Убактылуу Өкмөттү кимдер түзгөн?

Бийлик Камбар-Ата ГЭСин курууга багыт алган, Өзбекстан менен Казакстандан көз карандылыктан кутулуу үчүн “Датка-Кемин” электрлиниясы башталган, Бишкек ТЭЦин оңдотуу максатында 150 млн жана 200 млн долларлык эки долбоордун бирин тандаганы турган. Орусиянын президенти Медведев Камбар-Ата ГЭСИне жардам берүүнү чечкен, бирок бир гана шарт менен Кыргызстан “Манас-Ганси” авиабазасын чыгаруу керек болгон. Кыргызстан болсо бардык мамлекеттер менен алака түзкүсү келген. Анын үстүнө “Манас-Ганси” авиабазасы үчүн жылына келип турган 60 млн доллар да бюджеттин тешиктерин бүтөп, 2007-жылы профициттүү бюджет кабыл алынган. Атамбаев “Манас-Ганси” авиабазасын кетирем деп Орусияга убада берип, бийликти алмаштырууга катуу аракет кыла баштайт. Бийлик алмашкан соң камактан бошоп келген Атамбаев кыргыздын салттарына кол шилтеп, душка түшүш үчүн жуунуп-тазаланууга кетет. Илгери кыргыздар кан төгүлгөн кезде аза бүткүчө жуунуп-тазаланчу эмес. Атамбаев жокто камактан бошоп келген, туш-тарапта жүргөн БЭКтин билермандары чогулуп Атамбаевдин бийликке кожоюн болом деген амбициясын билишип, ар ким өз тарабына бийликти чоюш үчүн БЭКтин төрайымы Роза Отунбаеваны Убактылуу Өкмөткө төрайым кылат. Бир эле мисал, бийлик башында турган Роза Отунбаева Атамбаев менен Текебаевдин талап кылуусу менен Кадыржан Батыровду кабыл алат. Буга нааразы болгон Бекназаров Отунбаевага катуу сөздөрдү айтат. Ошондо Отунбаева: “Бириңер кабыл алгыла дейсиңер, бириңер кабыл алганды жаман көрөсүңөр”-дегени бар.

Амбициясы Америкадан ашкан Алмазбек Атамбаев, Отунбаеванын Убактылуу Өкмөткө төрайым  болушун жактырган эмес. Өзүнүн кадыр-баркы Убактылуу Өкмөттө таруудай чачылып турганы аз келгенсип, Отунбаевадан Убактылуу Өкмөттү башкарууну талашат. Азимбек Бекназаровдун ирбити жүрүп, ташы өйдө кулап, оозунан чыккан сөзү лып аткарыла турган, Убактылуу Өкмөттү ким башкарсын дегенде Бекназаровдун кийлигишүусү менен мөөрөй  Отунбаевага берилет. Атамбаевдин оюу боюнча мамлекетти башкарып, Убактылуу Өкмөткө төрага болмок . “Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” деген ошол. Атамбаев Убактылуу Өкмөттү жетектебей калган соң, Убактылуу Өкмөттүн кадрларды тандоодон башка иштерине кийлигишпей калат. Мамлекеттин ишине кол шилтеп койгон. Бирок кегин ичине сактап, президент болгон соң Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн барынан кегин чыгарган.

 Эмне үчүн Атамбаевдин кадыр-баркы оппозицияда таруудай чачылып турган?

Биринчиден, Атамбаев 2007-жылы апрелде оппозицияны чанып, өкмөт башчысына келет. Ошол жылы апрелде Феликс Кулов “Бириккен, Фронт” түзүп, оппозиция менен Ак  үйгө аттанат, Атамбаев оппозицияны боткодой эзип, ташын-талкандап, жер- жүзүнөн жексен кылат. Оппозицияга “Текени ээрчип эткомбинатына бараткан койлор”- деген эпитетти тагат. Ал кездеги “Теке” Кулов секирип кетет да, “барандар” ажалга барат деген. Ошондуктан, оппозиция Атамбаевди жек көрүп турганда Аликбек Жекшенкулов Коомдук парламент аркылуу оппозицияга кошкон. Экинчиден, 2009-жылы 23-июлда БЭКтен жалгыз президентке талапкер болуп туруп, республикалык штаб башчысы Бакыт Бешимовдун тили менен шайлоо күнү талапкердиктен баш тартат. Бул үчүн ыраматылык Болот Шерниязов ага жоолук тартуулап, оппозицияда кадыры кетет.

Убактылуу Өкмөт бийликке келер менен эртеңкинин камын ойлоп, Атамбаев баш болуп, Текебаев төш болуп  кызмат орундарын жанын сабап бөлүштүрө баштады. Оппозицияда кадыры болбогону менен, акчасы түмөн Атамбаев, БЭКке каршы чыгып, бети кызарып турган акчалуу Темир Сариев, тилинен чаңы чыккан Азимбек Бекназаров, Акаевдин мураскору болгону менен, кийинки бийликке сөөмөй кезеп, президенттикке мураскорлуктан айрылган Өмүрбек Текебаев жарыша бири-бирин жамандашып митинг уюштуруп, кызматтарды  бөлүшө баштайт. Кызмат алууда кол алдындагы СДПК фракциясын парламентте жетектеп жүргөн Роза Отунбаева Убактылуу Өкмөттү жетектеп, ага биринчи орунбасар болгон мульти-миллионер Атамбаев алдына киши салбайт. Ал эмес башка Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Банк ячейкасындагы миллиондогон долларларды КАМАЗ менен жуктөп келип талап жатканда, Атамбаев Элмира Ибраимова  экөө артында келип, ырымга дешип 100 доллардан алышып, жер жайнаган акчаларга тийген эмес. Телефон аркылуу кагылыш Бажы башчысын дайындоодо Атамбаев, Бекназаров, Сариев ортосунда болуп, булардын эмне максат менен бийликке келгени белгилүү болот.

2010-жылы апрелде Убактылуу Өкмөт бийлик алган соң, митингдер жаздын күнү жамгыр төккөн соң жабыраган козу карындай апогейине жеткен. 7-апрелде ар кайсы жерде корголоп, жашынып, убактылуу камакта жатышкандар капыстан бийликке жетишет. Мындай күтүлбөгөн бийликке таң калышкан алардын бир Туунун, бир адамдын алдында биригүүгө да мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошондуктан, боло турган лидерликти бири –биринен кызганышып Убактылуу Өкмөт түзүшөт, убактылуу бийликти Бириккен элдик кыймылдын төрайымы Роза Отунбаевага беришет.

2010-жылы күзүндө болгон парламенттик шайлоодо Убактылуу Өкмөттү түзгөн СДПК, “Ата-Мекен” партиялары эптеп парламентке өтүшсө “Ак Шумкар”, “Акыйкат” жана Эдил Байсалов түзгөн жаңы партия парламентке караандабай калат. Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Мыктыбек Абдылдаевдер “Ата-Журт” партиясы менен буларды нокаутка урган. Жакшы арбитр боло албай Атамбаевге жан тарткан президент Отунбаевага Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн күчү менен президент болгонун унутуп, 2016-жылы 31-августта жининин барын чыгарган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости