www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нооруз майрамы советтик заманда унутта калган майрам болгон. Кайра куруу заманында кыргызстандыктардын майрамы катары алгач 1989-жылы жалпы республикалык маанайда белгилеген. Ал кезде Кыргызстан компартиясын Апсамат Масалиев жетектеп турган. Ошол кезде Казакстан компартиясын жаңыдан Нурсултан Назарбаев жетектей баштаган. Казакстан Ноорузду 22-март күнү белгилей башташат. Назарбаевдин заманында отуз жыл боюу Нооруз 22-мартта белгиленип келишкен. Ал эми Касым-Жомарт Токаев президент болгон 2019-жылдан баштап коронавируска байланыштуу Нооруз майрамы жалпы мамлекеттик деңгээлде белгилене элек.
Нооруз менен дин коошобу?
Оңдон да, солдон да ар кандай тыюу салгандарына карабай, Нооруз майрамы арыш керип келатат. Эмне себептен оң жагынан, анткени Ноорузду диний майрам катары көрсөтүп келишкендер да бар. Бирок исламга бул майрамдын такыр тиешеси жок. Тескерисинче ислам динин тутушкандар Ноорузда отко таазим эткени үчүн ага каршы чыгып келатышат. Кээ бир авторлор майрамды Заратустра менен байланышта карашат. Бирок буга ынанымдуу далил жок. Ошондуктан көптөр муну эл тарабынан эле майрамдалып баштаган деп эсептейт. Диний фанаттар отко жалынып, Кудайга акаарат келтирген ишеним деп Ноорузга тыюу салып жүрүшөт. Өтө консервативдүү динчилдер Ноорузду катуу сынга алууда. Буга карабай, "Дыйкандын күнү" деп аталган Нооруз көп мусулман элинин сүйүктүү майрамы. Миң жыл мурун мусулман илимпоздору Нооруз күнүн тактап, изилдеп көрүшкөн.
Нооруз - тарыхый майрам. Кытай тарыхчысы Сыма Цяндын маалыматына таянсак, бул майрам Чыгыш элдеринде 4 миң жыл мурда эле "Улуу күн" катары жаз айында белгиленген майрамы. Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан бул жаркын майрамы жаратылышты, адамдарды, коомду жаңыланууга, тазаланууга чакырат. Баба дыйкан жер айдап, үрөн сээп, келечектин камын көрөт. Элибиз Ноорузду илгери үмүт, жакшы ниет менен тосуп, аманчылык тилеп, жакшылыкка умтулат.
Хорезм аймагынан чыккан Абу Райхан Бируни, ирандык Омар Хаям жана кыргызстандык Махмуд Кашгари изилдөөлөрү жана арифметикалык эсептери аркылуу Нооруздун так күнүн аныкташкан. Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет. Ноорузга байланыштуу ырым-жырымда деги эле көп. Мындай ырым-жырымдарды улуу ойчулдар Беруни, Махмуд Кашгари менен Омор Хаямдын саптарынан кездештирүүгө болот. Алсак, Берунинин байыркы бакшылардан жазып алганы бар. Анын биринде, “Нооруз күнү таң алды менен үч кашык бал жеп, шам жакса оорудан куткарат” деп жазылса, экинчи жазма “Нооруз күнү таңкы намаздын алдында кичине кант жеп, олива майы менен сүйкөнүп алса, жыл бою адам сак жүрөт” дейт.
Азыр өздөрүн мусулман катары тааныган кыргыздардын жашоосунда зороастризм доорунан бери келаткан отко таазим кылуу, отту – ыйык от деп атоо, шам жагуу, арча түтөтүп аластоону Ноорузда эле эмес күнүмдүк жашоосунда деле байкоого болот. Соңку учурларда Кыргызстанда Нооруз, Жаңы жыл сыяктуу майрамдарды диний көз-караш менен карап, каршы пикир айткандар, "майрамдабагыла" деп жээригендер чыгууда. Мындай пикирлер айрым учурда коомдук сайттарда жаатташып, эки тарап болуп айтышууга негиз болуп берүүдө. Кээ бир фанаттардын Нооруз тууралуу айткандарын коомдук сайттардан улам бөлүшүп, коомдук пикир жараткандар бар. Бүгүнкү күндө биз мамлекетке мусулман коомчулугун каршы коё албайбыз. Мындан алыс болушубуз керек. Мындайча айтканда, диний жетекчилердин бардыгы бул маселеде бир пикирге келиши керек. Мусулман фанаттары атайын айтпаса дагы, коомдо эки ача пикирлерге жем ташталып жүрөт. Менинче, диний жетекчилер бөлүнүүгө жол берген пикирлерден карманышы керек
Ноорузга коммунисттик доордо эмне үчүн тыюу салып келген?
Негизи малчылык менен күн көрүп келген көчмөн кыргыз элинде Нооруз майрамына көп таназар салган эмес. Нооруз майрамы перстерден ооп келгендиктен өзбек, тажик тарапта белгиленгендир, арийне, аркалык кыргыздарда нооруз майрамы белгиленген эмес дешет. Анын үстүндө байыркы кыргыздарда жер айдоо, дыйканчылык деген менен көп деле иши болгон эмес. Кыргыз эли жаз келсе жаздоого, жай келсе жайлоого, күз келсе күздөөгө, кыш келсе кыштоого көчүп, көчмөн турмушту башынан өткөзүп келген. Советтик бийлик учурунда Ноорузга ырым-жырымдарга ишенүү катары тыюу салынып келген. СССР тарагандан кийин Борбордук Азиянын эгемендик алган мамлекеттери, азербайжан, казак, өзбек, тажик,түркмөн, автономдук республикалар татар, башкыр сыяктуу элдерде Нооруз майрамы шаң-салтанат менен белгиленип баштаган. Чынында большевиктер башынан эле ырым-жырым, каада-салттарды улутчулдук, "эскинин калдыгы" катары караган. Ошондуктан Нооруз майрам 20-жылдардан кийин белгиленбей калган. Маселен, Азербайжанда 1925-жылы кыска убакытка Нооруз майрам катары расмий белгиленгени тууралуу маалыматтар бар. Кийин катуу тыюу салынды.1967-жылы 40 жылдык тыныгуудан кийин Москва "Нооруз" деп эскерилбесин, бирок майрамдала берсин деп Азербайжан менен Өзбекстанга уруксат берет. Ошондон кийин Нооруз кээ бир аймактарда белгилене баштаган. Ал эми Кыргызстанда кайра куруу доорунан баштап 1989-жылдан белгилене баштады. Нооруз алды үй-жайды тазалоо, короо-жайды иретке келтирүү, жакшы тилек менен дасторкон жайып тамак берүү салты совет доорундагы 70 жылдык солгундоодон кийин акыркы 20 жылдан бери кулачын улам кеңири жайып, азыркылардын да парзына кайрадан айланып келатат.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда. Жер бетиндеги эң байыркы Нооруз майрамынын башатын Чыгыш Ирандагы Хорасан шаарынын аты, ал жерден таркаган жер ишетүү маданияты менен байланышта карашат. Нооруз майрамы кездешкен эң байыркы булак зороастризм доорунун ыйык китеби “Авеста”. Адамдар бул ыйык китептин окуусуна жараша Жер үстүндөгү жашоонун пайда болгонун ар жылы жазында белгилеп келишкен. Китепте Жер бетиндеги жашоо асман, суу, жер, өсүмдүктөр, айбанаттар жана адам деп алты түрдө аталат. Адам турмушундагы жамандык жакшылык күрөшүнө байланыштуу ритуалдар да ушундан улам калган.
Нооруздун дагы бир символу - от. Байыркы грек тарыхчысы Страбон “Эң байыркы мезгилден тартып ушу күнгө чейин азыркы Сыр-Дарыя менен Амур Дарыясын жээктеп жашаган эл бул күнү От сактаган касиеттүү жайга чогулушчу. Бул күнү соодагерлер базарын жаап, усталар ишин токтотуп, бири-бирине отко жасалган тамак, суусундук берип чер жазышат”,-деп жазган. Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.
Нооруз майрамы Кыргызстанда да жанданган
Кыргызстандыктар Ноорузду өзүнүн жашоо-турмушуна ылайыктап алышты. Башатында Нооруз дыйканчылык майрамы катары көрсөтүлөт эмеспи. Айталы, Ноорузда салт боюнча жаңы жылдык дасторконго жети түрлүү даам коюлат. Нооруздун мындай эзелки дасторкон жайуу салтын өз жашоо шартына ылайык өзгөртүп, улуттук даамдарды жайнатып койот. Нооруз табиятынан дыйканчылык майрамы. Андыктан эзелтен келаткан салт боюнча жаңы жылдык дасторконго 7 түрлүү даам: алма, көк чөп, дан азыктары, чычырканактын ашы, чеснок, нан, сумах даамы ден-соолук үчүн коюла турган. Болгону майрамдын өзгөрүүсүз калган бир символу - өнгөн буудай. Өнгөн буудайды бир катар эл жаңырган жашоонун белгиси катары жаңы жылдык дасторкондун ажарын ачмакка коюп коюшкан.
Нооруз майрамын бүгүнкү жаштар, мектеп окуучулары шаң менен тосуп алышат. Анткени, акыркы жылдары Нооруз мамлекеттик деңгээлде майрамдалык союз учурундагы 7-ноябрь, 1-май сыяктуу майрамдардын ордун толуктап келатат. Көп жылдардан бери Кыргызстандын мектептеринде арча түтөтүп, сүмөлөк жасашып, айлананы жамандыктан тазалашып, ар бир класс майрамдык оюн-зоок уюштуруп, майрамда азыркы кыргыздардын болгон бардык салттарын колдонуп келатышат.Айрыкча Нооруз майрамын сүмөлөксүз, ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми Нооруз күндөрү бул каада-салт ритуал массалык мүнөзгө ээ болот. Жазгы каникулга байланыштуу Нооруз майрамы бир-эки күн эрте өтөт. Нооруз майрамы да каада -салт менен байланыштуу, бул күндөрү адатта майрам болгон жерде Умай Эне болуп, аластоо жөрөлгөсүн кылат:
Алас, алас, алас!
Ар балээден калас.
Жаңы жыл келди,
Нооруз келди!
Жер жаңырып, чөп чыкты,
Желин жарылып, сүт чыкты!
Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.
Оо, жараткан!
Жакшылыгыңды аяба!
Кампабызга дан толсун,
Дасторконубузга нан толсун.
Үлүшүбүзгө мал толсун.
Аксакалдарыбыз акылман болсун,
Байбичелерибиз мээрман болсун!
Келин-кыздар ыймандуу болсун,
Жигиттерибиз эр жүрөк баатыр болсун!
Өлкөбүздө тынчтык болсун!
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу!
Алас, алас, алас!
Нооруз күнү аруу тилекти улуу сөз аркылуу жеткирүү байкалат. Нооруз күнү бериле турган кыргыз баталары мындай:
Арыба, Нооруз!
Келе бер, Нооруз!
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!
Талаабызга ак нан берсин!
Алдыбыздан ак дасторкон,
Башыбыздан бак-дөөлөт,
Ырыс-кешик, ынтымак,
Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!
Кыргыздар Нооруз күнүн Улустун күнү деп:
Улусуң оң болсун,
Ак мол болсун,
Улус күн бакты алып келсин,
Төрт түлүк малды алып келсин
Улус күн береке берсин!
Балаа, жалаа жерге кирсин!
Күлүгүң миништүү болсун!
Көңүлүң улустуу болсун!
Пейилиң жугуштуу болсун!
Ар бир нерсени азыр берсин!
Кеткениңди келтирсин!
Кемтигиңди толтурсун!
Бак-дөөлөттү кудайым,
Насип этип болтурсун
Оомийн”,- деп ак бата берилген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg