www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Супермаркетте атышуудан алты адам каза болду

Американын Колорадо штатындагы Боулдер шаарындагы супермаркетте атышуу болуп, бир полициячы менен кошо алты адам каза болду. Кол салган адам кармалды, деп билдирди Атланта Журнал-Конституция.

Ошондой эле, эки полиция кызматкери жаракат алганы белгилүү болду. Кол салган адамдын өздүгү азырынча белгисиз. Анын окуядан кийин полицияны чакырган шериги болгон болушу мүмкүн.

Атышуу King Soopers супермаркетинин жанында башталганын Боулдер полиция департаменти Твиттерде билдирди. Кийинчерээк ок аткан адам дүкөндүн ичине кирип кеткен.

Атышкан адам жаракат алганын полиция тастыктады. Окуя болгон жерден тартылган кадрлар боюнча, кармалган адам бутунан жаракат алган. Ал бир гана ич кийим кийип жүргөн. Полиция аны замбилге жаткырды. Андан кийин адамды тез жардам кызматы алып кеткен.

CNN басылмасынын айтымында, ок чыгарганда америкалык AR-15 жарым автоматтык мылтык колдонулган.

Аткычтын курмандыктарынын бири унаа токтотуучу жайдан табылды. Ичинде мылтыктын кутусу бар шектүүнүн унаасы дагы болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости