www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көп ирет камалып, куугунтукталгандардын ичинде «Манас» эпосун жактагандар да болгон. «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракеси 1995-жылы өткөн, ага чейин эки ирет «Манас» эпосунун 1100 жылдык мааракеси өтпөй калган. Эмне себептен? 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуштан улам болбой калса, ал эми 1947-жылы балким фашисттердин фюрери Адольф Гитлер кыргыздарды арийлерге теңеп, 1943-жылы «Манас» эпосун немисче которуп чыгарганы себеп болгондур. Же...
Эмне үчүн «Манас» эпосун жактагандар камакка алынган?
1935-жылы Фрунзеде "Манас" эпосу боюнча үлкөн конференция өтөт. Конференцияны Кыргыз АССРинин жетекчиси Морис Белоцкий ачып, премьер-министр Баялы Исакеев башкарат. Докладды Касым Тыныстанов жасайт. Бирок, сталиндик репрессиялар күчөп, окумуштуулар
К.Тыныстанов, Е.Д.Поливанов, Т.Жолдошов, республиканын жетекчилери Б.Исакеев, Х.Жиенбаев, О.Алиев, Т.Айтматов, Белоцкий жана башка "Манас" комитетинин мүчөлөрүнүн көбү камакка алынып, эл душмандары катары атууга кетет.
1936-жылы Москвадан келген десанттар "Чоң казаттын" сөзмө-сөз котормосун "Великий поход" деп орусча которушат. Бирок, Чоң казаттын орусча текстин Тыныстанов жетектеген тил жана адабият илимий институт кабыл албайт. "Великий походду" кабыл албаганынын себеби, орусча окурмандарга Манас элдин эсебинен ичип-жеген зөөкүр, Кытайды багындырган баскынчы, эл-журтун күчкө салып, мусулмандыкка айландырган каардуу динчил катары сүрөттөлгөн. "Чоң казаттын" орусча тексти "Великий поход" эч бир оңдоосуз Москванын басмаканасында жата берет. Кыргызстандын жаңы жетекчилери "Великий походду" Москвадан чыгарууга аракеттенишет.
1940-жылы 23-мартта Кыргыз өкмөтү "Великий походду" басмадан чыгарууну тил жана адабият илимий институтуна тапшырат. Институттун "Манас" бөлмөсүнүн жетекчиси Ташым Байжиев "Великий походдун" биринчи томуна удаа, уландысы экинчи томун чыгарыш керек деп эсептейт. 1941-жылы 12-апрелде "Манастын" кыргызча-орусча экинчи томдору боюнча редколлегия түзүлүп, Байжиев экөөнө тең редактор болуп дайындалат. 1941-жылы 22-июнда Ата-Мекендик согуш башталып, "Манас" секторунун кызматкерлери Байжиев, Бектенов согушка кетет, иштер токтойт.
Согуштан келген Байжиев жана Бектенов илимдер академиясында "Манас" эпосу боюнча иштерин улантышат. 1936-жылдан бери Москванын басмаканасында жаткан "Великий походдун" оңдолбогон биринчи тому 1946-жылы жарыкка чыгат, кыргыз бийлиги атынан Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлөт. Сагынбай менен Саякбай атактуу залкар манасчылар катары бааланат. Бийликтин тапшырмасы менен Байжиев, Бектенов кыргыз фольклору жана "Манас" эпосу боюнча түзүлгөн окуу китеби миңдеген нуска менен эки жолу басылып чыгат. Бийлик 1946-жылы Ташым Байжиев менен Зияш Бектеновго мамлекеттик резиденцияда иштегенге атайын шарт түздүрүп, "Манас" эпосу жана фольклор боюнча окуу китебин жаздырып, мамлекеттик сыйлыгын берип, илимий наам алып бермек болуп, 1950-жылы ошол эле китеп үчүн авторлорду 10 жылга түрмөгө каматкан. Себеби эмнеде:
1.Ждановдун "Звезда" жана "Ленинград" журналдары жөнүндөгү докладынын негизиндеги Компартиянын идеологиялык токтому барган сайын күч алып ишке ашырыла баштайт.
2.Ошол согушта жеңиш менен чыккан Сталиндин атаандашы фашисттердин фюрери Адольф Гитлер 1943-жылы «Манас» эпосун немецче которуп чыгарган. Себеби, өзүн арий сезип, еврейлер менен славяндарды кырган Гитлер кыргыздарды арийлерге теңеген. Бул кабарды эшиткен Сталин «Манас» эпосун жактоочуларды камай баштаган.
3.Ошондон улам Кыргызстандын бийлиги Сталиндик сыйлыкка көрсөткөн "Великий поход" саясый сынга алынат. Манас өз элин тоногон эксплуататор, Кытайга кол салган баскынчы, элин күч менен мусулмандыкка айланткан диний зордукчул, Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев бай-манаптардын, эл душмандарынын тапшырмасы боюнча панисламизм, пантюркизмди элге тараткан реакционерлер деген күнөө коюлат.
1940-жылы "Великий походду" трагедиялуу уландысы менен кошо чыгарыш керек деген Ташым Байжиевди, кошмо варианттын толук мазмунун кара сөз менен жазып берген Зияш Бектеновду түрмөгө каматат. Жетекчилердин айтуусу боюнча бул адабиятчылардын күнөөсү: Байжиев менен Бектенов 8-класска түзгөн "Кыргыз адабиятына" реакционер Сагынбайды, Саякбайды атактуу манасчылар деп баалаганы себеп болот.
Ал экөөнө тең катуу өкүм чыгып, экөө тең Караганданын лагерине айдалат. Кыргыз тили жана адабияты боюнча түзүлгөн окуу китептери мектептердин короолорунда өрттөлөт. Кыргызстандын эл агартуу министри Б.Юнусалиев кызматынан түшөт, окумуштуулар К.Юдахин, Х.Карасаев илимий иштерден оолактатылып үй-камагына алынат.
"Великий походдун" чыгышына Байжиевдин, Бектеновдун эч бир тиешеси жок эле. 1952-жылы 17-февралда Ташым Байжиев Караганда лагеринде каза болот. 1953-жылы Сталин өлөт, Берия атылат. Байжиевдин, Бектеновдун, Саманчиндин иши Москвадан кайра каралып, эч бир күнөөсү жок экени аныкталып, акталат. Беш жыл Караганданын лагеринде көмүр казып жүргөн Бектенов түрмөдөн бошонуп келет.
“Манас” эпосу - карт тарыхка саймаланып калган кыргыз өмүрү
«Манас» эпосу биринчи жолу Кытайдын сунушу менен ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктар мурасына кирсе, экинчи жолу Карганбек Самаковдун демилгеси менен Кыргызстандын атынан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ошол эле уюмдун адамзаттын заттык эмес мурастарына кошулган. Кыргыз президентинин Жарлыгы менен 2019-жылы «Манас жана Айтматов академиясы» түзүлгөн.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча эпостун окуялары жана чыгарма тууралуу XVI кылымда жашап өткөн Сейф-ад-дин-Аксикенти «Мажму аттаворих» («Тарыхтардын жыйнагы») деген кол жазмасында эскерип өтөт. Алар жогоруда аталган санжыра китепте Манас баатырды тарыхый инсан катары карашат, анын Жолой баштаган калмактар менен согушканы, ага Жалал-ад-Дин шейх жардам бергени, жери Талас, атасы Жакып болгону, кырк жигити тууралуу маалыматтар берилет. Эпосту жазып алуунун, изилдөөнүн, жарыялоонун кийинки этабы XIX кылымда Европадан жана Падышалык Орусиядан келген саякатчылар, тарыхчылар, этнографтар тарабынан ишке ашырылган. Орусиялык аскер кызматкери жана тилмеч, казак уулу Чокан Валиханов 1856-жылы Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосуна келип, бугулук Боронбай манаптын жанында жүргөн аты көрсөтүлбөгөн бир манасчыдан «Көкөтөйдүн ашы» деген бөлүмдү угуп, 3320 сап жазып алып, өзү орусчага которуп 1904-жылы Санкт-Петербург шаарында жарык көрөт.
Немец В.Радлов «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн 1862-жылы жазып алып, 1885-жылы орус тилинде Санкт-Петербург шаарында, немис тилине котормосу 1885-жылы Германиянын Лейпциг шаарында чыгарат.
«Манас» эпосунун жазуу мотивдеринин кыргыз музыкасында кеңири орун алган “Айчүрөк”, “Манас” опералары. “Манастын ордосунда” симфониялык сүрөттөмөсү, “Манас” симфониясы жарык көргөн. «Манас» эпосу сүрөт өнөрүнүн көркөм өнүгүүсүндө да зор таасир тийгизген: С.А.Чуйков, Г.Айтиев, Б. Жумабаев, Т. Курманов, С. Чокморов, Т. Герцен жана башка сүрөтчүлөр, скульптор Т.Садыков элестүү көркөм дүйнөдө баяндашкан.
«Манас» эпосу жана манасчылар туурасында кино, теле, видео жана даректүү фильмдердин тартылган: “Улуу Манас” телефильми, “Манасчы” даректүү фильми; “Саякбай Каралаев”, “Манас ааламы”, «The Last Manaschi» тасмасы (Голландия кинокомпаниясы). «Манасчы» тасмасы Швейцария, Франция Л.Турусбекова, Б. Шамшиев М.Убукеев, Нурбек Эген сыяктуу режиссёрлор кайрылышкан.
Кыргыз элинин басып өткөргөн чалкыган турмушун, кылымдар бою калыптанган акыл-ой байлыгын, дүйнө таанымын чагылдырган ыр океаны, кыргыз улутунун туу туткан сыймыгы. «Манас» эпосу - чексиз кайраттуулукту, атуулдук ар-намысты, Ата-Журтту терең сүйүүнү даңктаган рухий ырыскы, дүйнөлүк маданияттын казынасына кошулган эбегейсиз салым, элдин улуулугунан кабар берген тендешсиз тарыхый мурас. Ата-бабалардын миңдеген жылдар бою кашыктап жыйнаган акыл казынасы, нарк-насили.
Чыңгыз Айтматов манасчы Саякбай Каралаев менен Чүйдүн бир айылына барганын, анда саратанда кеңсесинин алдында аксакалдар тапканына отуруп, балдар тал-теректин башына чымчыктай конуп, бири атчан, бири эшекчен, бир бала төөсүн жаткырып өркөчүнө жайма-жай отуруп, тегерете ак жоолукчан аялдар болуп «Манас» дастанын уга баштаганын жазып келип, бир убакта күтпөгөн жерден асман алай-дүлөй болуп, чагылган кошо чартылдап, күндүн түбү түшкөндөй жамгыр жаап, элдин баары шөмтүрөп сууда калып, ат үстүндө отурган манасчынын да башынан бутуна чейин суу өткөнүн айтат. Ушундай жайкы табияттын каарына карабай Каралаев манасын токтотпой айтып, адамдар болсо бир керемет күч байлап алгандай ордуларынан козголуп да койбой, былк да этпей, ыйлаган жерде ыйлап, кайгырган жерде кайгырып, «Манастын» ичине кирип кеткенин айтат да текстин мындай улантат: «Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгүлүп айтылган сөзгө кошулуп, кадыресе жашоодогу турмуштук өзгөрүүлөрдүн жеңиши менен кыйроосу, баатырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөмдүгү, арзуусу менен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жыргалы, өлүмү менен төрөлүүсү, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албастыгы агын болуп жаап жатты... Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук...» Саякбай менен Чыңгыздын кездешүүсү, бул эки көркөм дүйнөнүн, эки эстетикалык формациянын кездешүүсү, тогошуусу эле. Балким, бул кездешүү өзүнүн мазмуну жана жыйынтыгы боюнча көркөм маданияттын тарыхында өтө сейрек кездешкен, уникалдуу окуя.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg