www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ильгиз Гилязетдинов: “Кыргыздар дүйнөгө тарап кетти”

“Кыргыздар дүйнөгө тарап кетти”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Мен азыркы учурдагы кыргыз элинин тагдыры ойлондурат. Ошону менен катар кыргыздын келечеги түйшөлтөт. Азыр кыргыздар дүйнөгө тарап кетиптир. Россиянын алыскы шаарларына чейин кыргыздар кетип калышыптыр. Россиянын ар бир шаарына иштеп, жашап жүргөн мекендештер бар. Алар ошол жакта иштеп кайра келеби десең жок. Көбү отурукташып, балдарын ошол жактан мектепке окутуп калышты. Мына баары эле кетип жатса, кыргыздын улуу мурастарын, улуу-салттарын, Манас атабыз сыяктуу баатырларын ким тааныйт?

Чет мамлекетте мектепте окуган кыргыз балдары биздин тарыхты окумак беле? Алар ошол өлкөнүн, ошол жердин тилин, тарыхын, каада-салтын жана мыйзамдарын окуп, таанышат да. Мени ушул ой аябай ойлондурат. Келечекте биздин баалуулуктар унутулуп калабы дейм да”, - дейт котормочу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости