www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн Токаев кыргызстандыктардын арасынан террорчуларды издеп жатат? Бул суроого жооп берүү үчүн Казакстандагы окуялардын хронологиясына, президенттин иш-аракеттерине, анын баш аламандыктын келип чыгуу себептеринин эволюциясына жана жаралган кырдаалдан чыгуу аракеттерине көз салуу керек. Коюлган суроого жооп берүү кыйын деле эмес.

2-январда Мангистаудагы суюлтулган газдын кымбатташына каршы тынчтык митинги 4-январда өлкөнүн бардык ири шаарларында уланган. Түнгө жакын президент Токаев митингчилерге бийлик кулабай турганын эскерткен. Ошондон кийин өлкөдө мессенджерлердин иштөөсү чектелип, президент өзгөчө абал жарыялап, шаарларда митингчилерди күч менен таркатуу башталган.

Бул постсоветтик өлкөдөгү бийлик акырына чейин күрөшкөн түстүү революция болчу.

5-январда эртең менен Мамин жетектеген өкмөт отставкага кетип, Токаев митингдерге өкмөттүн экономикалык саясаты себеп болгонун билдирди. Ошондой эле газдын кымбатташына Энергетика министрлигин, «Казмунайгаз» жана «Казакгаз» компанияларын айыптады.

Ал кырдаалды турукташтырганы үчүн өкмөттүк комиссияга, укук коргоо органдарына жана Мангистау облусунун акимине ыраазычылык билдирди. Токаев өзгөчө абал киргизилгенден кийин Алматы жана Мангистау облусунда абал акырындык менен турукташканын белгиледи. Ал катышкан жыйында ички иштер министри Ерлан Тургумбаев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов, башкы прокурор Гизат Нурдаулетов баяндама жасашты.

Эртең менен Алматынын мэри Сагинтаев кайрылуу жасап, шаардагы кырдаал бийликтин көзөмөлүнө алынганын айтты.

Бирок өлкөдөгү абал туруксуз болчу. Алматыда кырдаал курчуп, түш ченде митингчилер мэриянын имаратын басып алышкан жана ал имараттан өрт чыккан. Белгисиз адамдар шаардык прокуратуранын имаратын жана бийликчил «Нур Отан» партиясынын кеңсесин өрттөшкөн. Бул жаман белги болчу – негизи ушундай жол менен из жашырышат (ошондой эле күч органдарындагы кызматкерлердин биринин аркасынан бири «өз өмүрүнө кол салышы» да табышмак болууда).

Баш аламандык өлкөнүн түштүгүндөгү ири шаарларды – Алматы, Тараз, Чымкент, Кызыл-Ордо, Талды-Коргонду каптады. Ошого карабастан коңшу өлкөлөр Казакстан жардам сурабаганын белгилеп, казак бийлиги кырдаалды өз алдынча жөнгө салат деген ишенимин билдиришти.

5-январь күнү кечинде баары өзгөрдү. Президент Токаев элге кайрылуу жасап, Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгонун билдирди (Конституция боюнча аталган кызматты Назарбаев өмүр бою ээлемек).

«Ээнбаштык жогорку деңгээлде уюштурулганы көңүл бурат. Бул иш-аракеттердин алдын ала тыкыр ойлонулганын, акча үчүн жасалганын тастыктайт. Ошондуктан мамлекет башчысы жана бүгүнкү күндөн тартып Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары катаал чара көрөм», - деген Токаев.

Муну менен 5-январга карата туура эмес экономикалык саясаттын кесепетинен эл көтөрүлдү деген божомол баш аламандык алдын ала пландалган деген жоромолго алмашты. Негизги шектүү — Назарбаев. Ал азыркыга чейин эл алдына чыга элек. Назарбаев, анын туугандары өлкөдөн чыгып кетти, Казакстандан бизнес-жет учактары менен качып башташты деген маалыматтар пайда болду. Президент күч органдарынын жетекчилерин алмаштырып баштады. Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Карим Масимов (6-январда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып кармалды), ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын биринчи орун басары Самат Абиш отставкага кетти. Самат Абиш — Назарбаевдин жээни жана күч органдарындагы таасирдүү адам. Назарбаевдин адамдарынан арылуу андан ары да уланды.

Бирок болжол менен 8-январдан тартып Улуттук коопсуздук комитети Самат Абиш ээлеген кызматынан кеткенин четке какты. Назарбаевдин басма сөз катчысы Твиттердеги баракчасы аркылуу Назарбаев Нур-Султан шаарында экенин (борбор калаанын аталышын казак бийлиги 5-январдан тартып колдонбой келет), ал Токаевдин айланасына биригүүгө чакырганын, Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын өз эрки менен тапшырганын жазды. Бул факттар Токаев менен Назарбаев бир макулдашууга келгенин көрсөтүп турат. Назарбаев жеңилгенин мойнуна алды жана бул бийликти жаңы сценарий ойлоп табууга мажбур кылды.

6-январь күнү кечинде Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна жардам сурап кайрылды. Анын себебин Казакстанга агрессия болгону менен түшүндүрдү. ЖККУ Казакстандагы окуяларды чет өлкөдө даярдалган бандиттер кол салды деп баалады.

Башкача айтканда, элитанын бийлик үчүн күрөшү өлкөгө чет элдик аскерлерди чакырууга себеп боло алмак эмес жана чет өлкөнүн күчү менен бийликке жетүү эч бир лидерди канааттандырбайт. Ошондуктан Токаев кризистин келип чыгуу себебин өзгөрттү. Ал элге кайрылып жатып 20 миң террорчу Алматыга кол салганын жар салды. Токаевдин бул айтканына окшош билдирүүсү кийинчерээк Твиттердеги баракчасынан өчүрүлгөн.

«Мамлекет эмне себептен терракт даярдалып жатканын көрбөй калганын талдоо маанилүү. Алматыга гана 20 миң бандит кол салды», - деген Токаев.

20 миң жан кечти (боевик) — бул « Ислам халифатынын» Сирия менен Ирактагы күчкө толуп турган армиясынын санына барабар. Андан тышкары Алматынын четиндеги террорчулардын армиясынын бирдиктүү командачылык борбору жана машыгуу лагерлери болгону айтылды. Бирок далилдер жок. Токаевдин айтымында, согушкерлер өлүк сактоочу жайлардан сакалы бар бардык өлүктөрдү алып кетишти (кайда?).

Бул божомол чындыкка окшошпогондуктан аны тез арада кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыкты. Ошол учурда мамлекеттик «Казакстан» телеканалынан (биздеги КТРКнын аналогу, өлкөдө интернет өчүрүлгөн болчу) кыргызстандык пианист Викрам Рузахунов сөз сүйлөп, 200 доллар үчүн Алматыдагы баш аламандыкка катышканын мойнуна алат (Кийинчерээк Викрам 16-декабрда эле Алматыга билет сатып алганы белгилүү болду. Алматыга барып келүү үчүн 2 билеттин баасы 300 доллар турат).

Башкача айтканда, казак бийлигинин жаңы божомолу боюнча, чет өлкөлүк жан кечтилер Кыргызстан аркылуу Казакстанга кол салган. Бул божомолду Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары да андан ары жайылтып башташты. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандыктар митингдерге катышып калган болушу мүмкүн деген сөзүн алып, таркатышкан.

Бул божомол кыргыз бийлигине жаккан жок. Алгач УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, андан соң президент Садыр Жапаров каршы чыгышты, коомчулук нааразы болуп, Юстиция министрлиги Кыргызстандын жараны кыйноого кабылганы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды (Викрам катуу сабалган болчу).

Казакстандын күч органдары чоң ката кетирди — Викрамдын видеосун таркатуудан мурун анын өздүгүн текшерип коюшкан эмес. Ошол учурда бардык пропаганда аракеттери маанисин жоготту. Бардык кармалгандар кыйноо менен жан кечти экенин мойнуна алышары белгилүү болду.

Албетте, мындай окуядан кийин президент Садыр Жапаров жооп кайтарышы керек деген ой жаралат. Бүгүн Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн жолугушуусуна катышкан жок. Анын расмий себеби катары Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүү алганы айтылды.

Эми Токаев өз жарандарын жана дүйнө элин Казакстанга башка планетадан кол салышканын айтып ишендирүүгө мажбур болот. Эгерде тамашасы жок айтсак, «Ислам мамлекетинин» террорчулары кол салды деген жалгыз бир божомол калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости