www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге айрым пенсионерлер мурдагыдан аз пенсия алып жатышат?

Пенсияны массалык түрдө кыскартуу жок, айрым учурлар бар, бирок алар төлөө боюнча автоматтыштырылган тутумдун ишке киришине байланыштуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында Соцфонд эсептешүү тутумун автоматташтырган.

«Ушуга байланыштуу пенсияны мурдагыдай суммада ала албай калган айрым учурлар бар, бирок массалык негизде мүнөздөлбөйт. Мурда пенсия колго берилип, адамдык фактор катышчу. Мүмкүн, мисалы 5 миң 100 сом чегерилчү, бирок азыр автоматтык тутум 5 миң сом пенсия чегерет, анткени бул туура эсеп. Автоматтык система пенсияны чегерүүнү мыйзамдарга ылайык келтирет экен», - деди ал.

Мындан мурда социалдык тармактарда аз пенсия алып калган пенсионерлер тууралуу маалымат чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости