www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге ыктытабыз? Ыктытуунун келип чыгуу себептери

Адам күн ичинде кокусунан ыктытып баштоосу мүмкүн. Кээ бирөөлөр демин басса, кээ бири суу ичип, абалдан чыгуунун жолун издейт. Ыктыткан учурда көкүрөк жана курсакты бөлүп турган диафрагма жыйрылып, үн байламталары жайгашкан кекиртектин аймагы жабылып калат. Ушундан улам адамдан “ык” үнү чыгат. Бул үндү ыктытуу дейбиз. Ыктытуу айрым учурларда кабыргалардын ортосундагы булчуңдарда дагы болуп кетиши мүмкүн.

“Ыктытып атам” деп көңүл бурбай койбоңуз. Анткени, узакка созулган ыктытуу мээ жана жүрөктө пайда болчу оорулардан кабар бериши мүмкүн. Адатта, кыска убакка созулуп, зыянсыз жана айрым жолдор менен өтүп кетүүчү бир абал. Кичине балдарда, тамакты шашып жегендерде жана абаны көп жутуп алган кишилерде кездешүүчү ыктытуу буга мисал боло алат.

Эл арасында ыктытууну коркутуу менен кетирүүгө болоорун айтып, колдонуп келишет. Бирок, бул туура эмес. Кишини коркутуу тескерисинче анын ошол абалдагы психологиясына терс таасир бериши мүмкүн. Мындай туура эмес ыкмалардан качкан жакшы. Болбосо, башка жаман нерселерге жол ачылат.

Ыктытууну пайда кылган себептер

Көп күлүү, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдик колдонуу, кытыгылануу, газдалган суусундуктар, ачуу тамактар, суусундукту стаканда эмес бөтөлкөсү менен ичүү, өтө ысык же өтө муздак суюктук ичүү, стресстүү чөйрөдө жашоо, эмоционалдык көйгөйлөр, абаны ашыкча жутуу сыяктуу абалдарда адамда ыктытуу пайда болот.

Токтотуу үчүн эмне кылуу керек?

10 секундга жакын аралыкка демди басып, андан соң акырын чыгарыңыз.

Бир стакан суу ичиңиз же болбосо стакандагы сууну түтүкчө менен көптөн жутуп ичсеңиз болот. Бул убакта кулагыңызды кол менен жаап алганды унутпаңыз.

Бир чай кашык шекер же бал жеп коюңуз.

Бир бурчка отуруп тизени көкүрөккө тартыңыз. Колдор менен тизеңизди кучактап, бираз отуруп туруңуз.

Столдун үстүнө бир стакан сууну коюп, отургучка отуруп, колду колдонбой ичкенге аракет кылыңыз.

Бир чай кашык туз жеп, артынан көп өлчөмдө суу ичиңиз.

Ыктытууну күтсө болот, анткени айрым убакта күтүп жатканда өзүнөн өзү жок болуп кетет.

Дароо тездик менен бир стакан муздак суу же лимон согун ичсе болот.

Врачтын кеңеши менен тынчтандыруучу дары колдонууга болот.

Бирок жогоруда айтылган ыкмалардын бирөө дагы ишке жарабай, ыктытуу көпкө уланса, анда сөзсүз врачка кайрылуу кажет. Анткени өтө көпкө созулган ыктытуулар башка көйгөйлөрдөн кабар бериши мүмкүн.

Узакка созулган ыктытуу эмнеден кабар берет?

Менингит, көкүрөк оорулары, борбордук нерв системасы, ашказан рагы, боор жана мээ шишиги, рефлюкс жана тамак сиңирүү, жүрөк пристубу сыяктуу жүрөк ооруларынан дагы кабар бериши мүмкүн. Эгер көп ыктытуу байкалса, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.

Бат-бат ыктыткан адамдар уктаганда кыйналып, тамакты жакшы жей алышпайт. Ага байланыштуу социалдык чөйрөсү дагы бузулушу мүмкүн.

Унутпашыңыз керек болгон нерсе, ыктытуудан 100% кутулуунун бир жолу же тиркемеси жок. Ошол себептен жогоруда көрсөтүлгөн жөнөкөй ыкмаларды колдонуу сунушталат. Бирок, токтобогон өжөр ыктытууларда врачка кайрылуунун зыяны жок. Бул макаладагы маалыматтарды дарылоо максатында берген жокпуз. Ар бир нерсенин баштапкы булагы ден соолук болгондуктан ага байланышкан көйгөйлөр байкалганда дарыгерге гана кайрылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости