www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмомали Рахмон Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 13-майда болгон сүйлөшүүдө эки мамлекеттин башчылары Ооганстандагы акыркы кооптуу окуяларды жана бул контекстте тажик-ооган чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан.

Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин айрым аспектилери боюнча пикир алмашуу да орун алган.

"Тараптардын коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Кремлдин басма сөз кызматы өз кезегинде телефондук сүйлөшүү тажик тараптын демилгеси менен болгонун билдирди.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, биринчи кезекте, Ооганстандын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болуп өттү, биринчи кезекте акыркы убакта Ооганстандын аймагында террористтик топтордун активдүүлүгүнүн күчөшү эске алынды. Орусия менен Тажикстандын компетенттүү ведомстволору мындан ары да тартипти сактоо үчүн жигердүү кызматташууну уланта турганы ырасталды", - деп белгилейт Кремль.

Президенттер ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында, анын ичинде ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин 16-майда Москвада өтө турган жолугушуусунун алкагында координациялоо маселелерине да токтолушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости