www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмомали Рахмон бүгүн, 26-январда парламентке кайрылуу жолдоп жатып, ушул тапта Тажикстанда коронавирус жок экенин айтты.

Президент 1-январдан баштап өлкөдө вирус жуктурган учур катталбаганын белгиледи. Ошол эле маалда өлкө башчы эл санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону улантышы зарыл экенин билдирди. Ал чет өлкөдөн келген кишилердин баарын карантинге алууну тапшырды.

Буга чейин Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл башынан бери бирин-экин гана киши коронавирус жуктуруп алганын маалымдаган. 10-январдан кийин өлкөдө инфекция жуктурган учур расмий түрдө катталган эмес. Бирок эксперттер расмий статистикага ынанышпайт жана ооруну жуктургандардын жана андан өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин айтышууда.

Рахмон той-аш өткөрүүдө, жамаат менен намаз окууда этият болууга чакырып, санитардык эрежелер сакталбаган учурда мечиттер жабыларын эскертти.

Тажикстанда мечиттер 1-февралдан тартып иштей баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости