www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскар Акаевдин президенттик убагында Жапаров башын жерге салып, айтканын «лып» аткарганы менен Европага депутаттар менен иш сапарына барганда, немецтердин Шнапсын согуп алып, ичинен ит ойноп кетип, беш жылдыздуу отелдин бир бөлмөсүнүнүн таш-талканын чыгарып, анын акысын мамлекеттик бюджет төлөп берген. Туура кеңеш айткан жердеши Усубалиевди кектеп, ал карып калганда депутаттык талаша кетип, акчасынын күчү менен тебелеп-тепселеген.
Курманбек Бакиев президенттик убагында Жапаров башын жерге салып, айтканын «лып» аткарганы менен тай-торпок, аарыларды паспорттоштуруп албасак, биздин тай-торпок, аары экенин билбей калат деген кур дымак менен чыккан.
Алмазбек Атамбаевдин президенттик убагында Жапаров башын жерге салып, айтканын «лып» аткарганы менен финансы министри болуп туруп атка минерлердин айлыгын көтөрөлү деген демилге менен чыккан.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик убагында Жапаров башын жерге салып, айтканын «лып» аткарганы менен Си Цзинпинь менен жакшы мамиледе болуп кредитин алып турбасак Африканын кээ бир мамлекеттериндей көз каранды кылып алат деп чыккан.
Садыр Жапаровдун президенттик убагында Жапаров башын жерге салып, эшелон-эшелон кылып кыргыздарды Орусияга айдабасак эртең башаламандык кылып бийликти басып алат дей баштады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg