www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт.

Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдап, эгер Качинс АКШга кетүүнү көздөсө, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аны колго түшүрө турганын эскертти.

Эндрю Качинс Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу бир канча беренелери менен шек саналып жатат. Өзүнө 3-июнда расмий кабарланганын Башкы прокуратура билдирди.

Качинс апрелде милицияга суракка чакырылган. Университеттин жетекчилиги жана окутуучулары муну Качинске карата туура эмес мамиле, чаташкан окуя деп сыпатташкан. Өзү комментарий берген эмес.

Эндрю Качинс Кыргызстандагы ишмердигин аяктап, АКШга кетип жатканы тууралуу 7-июнда окуу жайдын Камкорчулар кеңеши маалымат берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости