www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин депутаты Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына Бишкектин Жал кичирайонундагы Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун дарыгерлеринен коронавирус илдети аныкталганын жазып чыккан. Бул билдирүүсүнө  Республикалык штаб төмөнкүчө жооп берди:

"Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтапта коронавирус аныкталды, бул тууралуу ушул бейтап тургуну болгон Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан түшкөн билдирүүдөн кийин маалым болду. Натыйжасында бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыкталган (2 балада, 3 энеде жана 2 медициналык кызматкерде). Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары терс. 14 күн бою алар медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында, 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости