www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча койгон тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы энергетикалык объектилердин абалы жана 2026-жылга пландалган ири долбоорлор менен таанышты.

Алгач министр “КУЭТ” ААКнын филиалы — Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамааты менен жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тармактагы орчундуу маселелер талкууланып, кызматкерлердин суроолоруна жооп берилди. Министр акылдуу эсептегичтерди 100 пайыз орнотууну ыкчамдатуу жана электр энергиясынын жоготууларын азайтуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Кара-Сай өрөөнүндөгү Бедел өткөрмө пунктун жана жакынкы айылдарды ыкчам тейлөө максатында Жети-Өгүз РЭТине караштуу Кара-Сай электр тармактар бөлүмүн жана Түп РЭТине караштуу Ой-Тал электр тармактар бөлүмүн куруу милдети коюлду. Мындан тышкары Жети-Өгүз, Түп РЭТтерине жана байланыш кызматын атайын техникалар менен камсыздоо маселеси белгиленди.

Андан кийин министр Каракол шаарында курула турган жылуулук-энергетикалык борбордун долбоору менен жеринен таанышты. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон жаңы объектти 110/35/10 кВ “Пржевальск” көмөк чордону аркылуу электр тармагына кошуу маселеси каралды. Бул борбор ишке киргенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы Каракол шаарынын керектөөсүн толук камсыздоого мүмкүндүк берет.

Иш сапарынын жүрүшүндө министр Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромго барып, быйыл өткөрүлө турган ШКУ саммити жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо, кубаттуулукту көтөрүү боюнча маселелерин карады.

Мындан тышкары ал Чолпон-Ата РЭТине барып, капиталдык ремонттон өткөн административдик имарат менен таанышты. Кызматкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, аталган РЭТти атайын техникалар менен камсыздоону убадалады.

Иш сапардын алкагында модернизациядан өтө турган "Долинка" көмөк чордону да каралды. Долбоор боюнча АТ1-10 жана АТ2-16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлор 40 МВА болгон эки жаңы трансформаторго алмаштырылып, жаңы 80 МВА көмөк чордон орнотулат.

Ошондой эле министр энергетиктердин “Эл-Нуру” пансионатына барып, ал жерде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин, жайкы сезонго даярдыгын текшерди. Учурда пансионаттын аймагында жаңы 50 орундуу коттедждер курулууда: эки кабаттуу 5 коттедж жана бир кабаттуу 5 коттедж салынып жатат. Мындан тышкары пансионаттын таза суу менен камсыздоо системасы толук модернизацияланууда. Министр курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, 2026-жылдын 10-июнуна чейин аяктоону тапшырды.

Министр иш сапардын жыйынтыгында аймактагы энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу артыкчылыктуу багыт бойдон каларын белгиледи. Ал коюлган тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы тармактын туруктуу иштешин камсыздоого өбөлгө түзөрүн айтты.

Последние новости