www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министринин жаңы орун басарлары дайындалды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Маратбеков Бекнур Маратбекович жана Парханов Мирлан Абдивалиевич министрдин орун басарлары болушту.

Бекнур Маратбеков

2008-2013-жылдары Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин экономика факультетинде электр энергетикасы ишканаларындагы экономика жана башкаруу адистиги боюнча окуган.

Иш тажрыйбасы:

2015-2017-жылдар — «Юнисон Групп» коомдук фондунун энергетика маселелери боюнча долбоордук кеңешчиси;

2017-2018-жылдар — «Зеленый Горизонт» ЖЧКсынын коммерциялык директору (энергия үнөмдөөчү технологиялар);

2018-2020-жылдар — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана энергияны үнөмдөө секторунун башкы адиси, сектор башчысы;

2020-жыл — «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКтын стратегиялык пландоо башкармалыгынын стратегиялык өнүктүрүү боюнча эксперти;

2020-2022-жылдар — Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун энергетика маселелери боюнча кеңешчиси, долбоор жана программаларды баалоо боюнча адис;

2022-2025-жылдар — Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин эксперти, бөлүм башчысынын орун басары.

Мирлан Парханов

Билими:

2006-2011-жылдар — В.С. Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университети. Адистиги: уюмдун менеджменти.

2019-2021-жылдар — КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы, эл аралык мамилелер багыты боюнча магистр даражасы.

Кошумча билим: КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик саясатты талдоо» темасы боюнча квалификацияны жогорулатуу.

Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси.

Иш тажрыйбасы:

2023–2026-жылдар — Кыргыз Республикасындагы «Consult Invest ITIC» эл аралык соода-инвестициялык компаниясынын башкы директору;

2023–2025-жылдар — Кыргыз Республикасындагы ШКУ өлкөлөрүнүн технология трансфери боюнча Кытай борборунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

2022–2023-жылдар — «Кыргызалтын» ААКтын чечимдердин аткарылышын, стратегиянын ишке ашырылышын жана кадр саясатын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;

2022–2022-жылдар — Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору;

2021–2021-жылдар — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси;

2016–2020-жылдар — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, директордун милдетин аткаруучу;

2015–2016-жылдар — вице-премьер-министрдин жардамчысы;

2012–2015-жылдар — Президенттин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти, референти;

2012–2012-жылдар — Акыйкатчы аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана документтик камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси;

2010–2012-жылдар — Москва шаарында Кыргызстандыктарды коргоого жана колдоого көмөктөшүү борборунун аткаруучу директору

Последние новости