www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика тутумунда абал туруктуу. 2026-жылдын 30-июлуна карата электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн сутка ичинде өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 46,9 млн кВт⋅саатты түздү.

Учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.

Оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайты жана «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.

Энергетиктер жарандарды, өзгөчө электр энергиясы эң көп керектелген сааттарда, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырышты. Бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешине шарт түзөрү белгиленди.

Последние новости