www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган 3 -  Анталья Дипломатиялык форумунун негизинде  жолугушууларын улантууда.

Президент Эрдоган, Анталья Дипломатиялык форуму үчүн Түркияга келген жибутилик кесиптеши Исмаил Өмер Гуэлле, Босния - Герцеговинанын Сербдер бөлүмүнүн башчысы Милорад Додик жана Эсватини королу III. Мсвати менен жолугушууларды өткөрдү.

Президент Эрдоган Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбанды да Анталияда кабыл алды.

Жолугушууда Түркия - Венгрия карым - катнаштары, Израилдин Палестинага кол салуулары, Украина - Россия согушундагы акыркы абал, Түркия - Европа Биримдиги карым - катнаштары менен НАТОнун кеңейүү процесси каралды.

Эрдоган Түркия менен Венгриянын ортосундагы жакшы карым - катнаштардын экономикадан коргонуу өнөр жайына, энергетикадан транспортко чейин бир топ тармакта өсө тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган Израилдин эл аралык укук жана адам укуктарын жок деп санаган геноцид аракетине бөгөт коюнун бардык мамлекеттердин милдети экенин белгиледи.

Эрдоган Түркиянын бардык кагылышуу аймактарында  тынчтыкты жактагандыгын жана бул үчүн күчтүү кадамдарды таштоонун улантыларын ортого салды. 

Президент Эрдоган Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзанини да кабыл алды.

Президент Эрдоган Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин мүчөлөрү Денис Бечирович жана Зелжка Чвиянович менен да жолугушту.

Президент Эрдоган форумдун биринчи күнүндө (кечээ) Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангули Бердымухамедов жана болгариялык кесиптеши Румен Радев менен жолугушту.

Президент Эрдогандын лидерлер менен болгон эки тараптуу жолугушууларында өлкөлөр ортосундагы карым - катнаштар жана аймактык маселелер каралып, негизги күн тартиби Газадагы адамзаттык трагедия болду.

Последние новости