www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин Газадагы зулумуна каршы Ислам дүйнөсүнүн бир бүтүм катары иш алып баруусу үчүн аракет кылып жаткандарын айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Эрдоган, Балыкесирдеги сөз сүйлөөсүндө: «Газадагы зулумдун жана Кудстагы куугунтуктардын токтотулушу үчүн колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз», - деди.

Президент өз сөзүндө Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка да токтолуп: «Орусия-Украина согушунун жалынынын өлкөбүзгө чачырашына жол бербей мамлекетибиздин кызыкчылыгына, мекенибиздин коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө зыян келтирген жокпуз. Түркия менен бирге бүткүл дүйнөгө терс таасирин тийгизген бул согушту эң кыска убакытта бүтүрүү үчүн аракеттерибизди улантуудабыз», - деп айтты.

Последние новости