www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын лидери Башар Асад менен жолугушууга даяр экенин, бирок ошол эле учурда өлкөнүн түндүгүнөн аскерлердин чыгарылышын четке какты. Бул тууралуу ал 17-июлда журналисттерге билдирди.

«Биз Сирия, Орусия жана Иран менен төрт тараптуу саммит өткөрүшүбүз мүмкүн жана мен Асад менен да жолугушууга макулмун. Биз ал жерде терроризмге каршы күрөшүп жатабыз. Өлкөбүз чек араны бойлой террористтердин тынымсыз коркунучу астында турганда биз кантип кетебиз», - деп Эрдогандын айтканын TRT Haber басылмасы жазды.

Эрдоган аскерлердин чыгарылышын кабыл алынгыс деп атап, Сириядан адилеттүү мамилени күтүп жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости