www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Прагада өткөн Европа саясий бирикмесинин саммитинде дүйнөлүк лидерлер менен Россиянын президенти Владимир Путинге карата туура эмес мамиле жөнүндө сүйлөшкөнүн РИА Новости агенттиги жазды.

Түркия президенти A Haber телеканалына берген интервьюсунда: "Прагада ким менен сүйлөшпөйүн, баары ага каршы. Мен бул туура эмес экендигин айттым. Эгерде силер Россиядай мамлекетке каршы болсоңор, ал (Путин) чегинип калбайт, кайра өзүн дүйнө лидери катары көрсөтөт... Россия сыяктуу дүйнөдөгү эң абройлуу өлкө болуп туруп сиз мындай кол салууларга "макул" деп тура берет белеңиз? Бул мүмкүн эмес да дедим", — деген Эрдоган.

Ошондой эле ал Путин басымдан улам артка чегине турган саясатчылардан эмес экендигин кошумчалаган. Мындан тышкары, Эрдоган Германиянын канцлери Олаф Шольц Россияга карата мамилесин өзгөрткөндүгүн айтты.

"Бир ай мурун эле Путинге карата башка көз карашта болуп жаткан Шольц азыр Россияга болгон оюн өзгөртүп, аны менен тил табышуу зарылчылыгын белгилөөдө", — деген Эрдоган.

Түркия президенти өз кезегинде эл аралык аренадагы көйгөйлөрдү жөнгө салууда "лидерлердин дипломатиясы" чечкиндүү роль ойной турганын белгиледи. Буга чейин Түркия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүдөн соң "эгин коридорунун" ишин калыбына келтирүү макулдашылганын айткан.

Киевдин Кара деңиз флоту менен Севастополдогу акватория кемелерине террордук кол салуусунан кийин Россия 30-октябрда Украина портторунан азык-түлүк ташууга катышууну токтото турганын жар салган.

Кийин Москва Киевден мындан ары бул сыяктуу иштер кайталанбайт, гуманитардык коридорлор аскердик максатта колдонулбайт деген кепилдик алган. Эки мамлекеттин ортосуна Түркия түшкөн.

Ушул жылдын 22-июлунда Россия, Түркия, Украина жана БУУ эгин келишимине кол коюшкан. Анда Украинадан дан, азык-түлүк жана жер семирткичтерди үч порттон, анын ичинде Одессадан Кара деңиз аркылуу ташуу макулдашылган. Келишим 19-ноябрда аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости