www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган, партиясынын Анкарадагы Кызылжахамам районунда ишке ашырган 28-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын жабылыш отурумунда сөз сүйлөп экономикага токтолду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, куралдуу жана дипломатиялык террорго багынбаган Түркиянын, экономикалык террорго да моюн сунбай турганын айтты.

Кеңешмеде сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде экономикада тең салмактуулук уланды.Көрсөткүчтөрдү караганыбызда бардык көрсөткүчтөрдүн эми оң багытта жогорулоонун белгисин бергенин көрүүдөбүз»,-деди.

Анын айтымында, ушул мезгил аралыгында Түркияга атылган ракеталар, бомбалар, октор эмне болсо, акыркы айларда экономикага болгон кол салуулардын да ошондой эле болгонун түшүндүргөн Эрдоган: «Дароо чара көрүп, эч ким байкай электе жолун буудук. Куралдуу жана дипломатиялык террорго кантип багынбаган болсок, экономикалык террорго да багынган жокпуз, моюн сунбайбыз»,-деп айтты.

Чет элдик финансы мекемелеринин же мамлекеттердин айткандарынын бир тыйынчалык баасы жок экенин айткан Эрдоган: «Түркия бардык тармакта болгону сыяктуу экономикада дагы теңдешсиз өлкө. Мөңгү сыяктуу көрүнбөгөн жагы көрүнүп турган жагынан кыйла чоң»,-деп айткан Эрдоган чет элдик финансы мекемелеринин билдирүүсүн бир тыйынга татыбарын билдирди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости