www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин администрациясы Батыш өлкөлөрүнүн үнсүз колдоосу менен блокададагы Газа тилкесинде бир ууч жерге кысылып калган калкты ырайымсыздык менен жок кылууда. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат министрлеринин кезексиз жыйынынын катышуучуларына видео кайрылуусунда билдирди.

Түрк лидери Газа тилкесинде 30 миңден ашуун палестиналык мыкаачылык менен өлтүрүлүп, 70 миңден ашууну жарадар болгонун белгиледи.

Президент бул жолугушуунун жалпы басма сөз коомчулугу үчүн, өзгөчө басып алынган Палестина аймактарында журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө аракет кылган медиа өкүлдөрү үчүн пайдалуу болушун каалады.

Эрдоган Газада жана Израил басып алган Палестина аймактарында 7-октябрдан бери мыкаачылыктар болуп жатканын белгиледи.

«Израиль тарабынан өлтүрүлгөн газалыктардын көбү балдар, аялдар жана карылар. Израилдик оккупациялык күчтөр күнөөсүз жарандарды гана эмес, ал жерде болуп жаткан окуяларды дүйнөгө айтууга аракет кылып жаткан басма сөз өкүлдөрүн да бутага алууда. Эрдоган: «Израиль тарабынан эркин басма сөздүн оозун жабуу үчүн өлтүрүлгөн медиа өкүлдөрүнүн саны 100дөн ашты.

Президенттин айтымында, Израилдин коркутуп-үркүтүү саясатына карабастан, журналисттер Газа элинин жана чындыктын алдындагы өз милдеттерин аткаруу үчүн ар кандай тобокелчиликтерге барууда.

Президент Эрдоган глобалдык маалымат каражаттарына таасирин тийгизген Израилдин жалган маалымат таратуу иштерин ылдамдатканын белгиледи.

«Израиль өзүнүн согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарын жаап-жашыруу үчүн бардык каражаттарды, анын ичинде фактыларды бурмалоону жана пропаганданы колдонот. Батыштын маалымат каражаттары бир жактуу билдирүүлөрү менен Израилдин пропагандалык машинасына салым кошту. Мындай абалга туш болгон Ислам өлкөлөрү катары биздин милдеттерибиздин бири жалгандын чындыкты жашыруусуна жол бербөө. Газалык боордошторубузга жасалган мыкаачылыктарды жаздырып, кабарлоо жана Израилдин жалган маалымат таратуу иштеринин алдын алуу эң маанилүү милдеттерибиздин бири»,-деди түрк лидери.

Эске сала кетсек, өткөн айдын соңунда Газа тилкесинде набыт болгон журналисттердин саны 119 адамга жеткени белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости