www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Израилге катуу эскертүү берди

Эгерде Израиль Палестинанын Иерусалимдеги ыйык жерлерине кирүүсүн чектөө же тыюу салууну чечсе, бул олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 5-мартта Анкарада Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

«Израилдик радикал саясатчылардын палестиналыктардын ыйык жерлерге кирүүсүн чектөө талаптары – бул куру сөз. Мындай аракеттердин кесепети абдан оор болору талашсыз», - деди Эрдоган.
Ал белгилегендей, Рамазан айынын жакындап калганына байланыштуу провокациялардын алдын алууга аракет кылуу зарыл. Ошондой эле, президент Израил "Батыштын чексиз колдоосунан" пайдаланып, "Газада ачык геноцид" жасап жатканын дагы бир жолу кайталады.

«Израиль геноцидди алдын алуу боюнча конвенцияны бузганы үчүн соттолуп жатат. Бирок убактылуу чаралар боюнча чечимдерге карабастан, ал дагы эле ал жерде биздин аялдарды, балдарды жана бир туугандарыбызды өлтүрүүнү улантууда», - деди түрк лидери.
Өз кезегинде Палестинанын президенти Махмуд Аббас Палестина маселесин колдогон Түркияга ыраазычылык билдирди.

«Палестинаны эл аралык коргоону камсыздоо боюнча аракеттерди күчөтүү зарыл. Палестинанын Бириккен Улуттардын Уюмуна туруктуу мучелугу — биз Коопсуздук Советинин резолюциясы аркылуу жетишууну каалайбыз. Палестина маселесин колдогон Түркияга ыраазыбыз. Аббас: «Түркия Палестина калкынын алдындагы тарыхый жоопкерчилигин боордоштук негизинде аткарып, бардык жоопкерчиликтерин колунан келишинче аткарууда»,-деди.

Последние новости