www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинети менен Анкаранын Израилдеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык кадамдарын талкуулай турганын түрк лидеринин администрациясындагы булак РИА Новостиге билдирди.
"Бүгүн Президент мырзанын Бештепедеги резиденциясында министрлер кабинетинин жыйыны болот. Негизги күн тартиби социалдык-экономикалык маселелер, жана албетте, тышкы саясий окуяларга баа берилет. Президент мырза Израилдеги кырдаалга көз салып турат жана министрлер кабинети менен Анкара кырдаалды жөнгө салуу үчүн жасай ала турган дипломатиялык аракеттерди талкуулайт", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Газа тилкеси Израилге болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулдарды жасады. Израиль армиясынын басма сөз кызматы 3 миңден ашык ракета атылганын билдирген. Кошумчалай кетсек, ХАМАС согушкерлери массалык ракеталык чабуулдардан кийин Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип барышкан.
Палестиналык ХАМАС кыймылынын аскердик канаты 7-октябрда Израилге каршы "Потоп Аль-Аксы" операциясын жарыялаган. Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы "Железные мечи" операциясын баштаганын жарыялаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылуусунда өлкөнүн согуш абалында экенин айтып, резервдерди кеңири мобилизациялоого буйрук берген. Израилдик аскерлер калктуу аймактарды тазалап башташкан.
Россия Израиль менен Палестинаны ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүгө чакырганын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов билдирген.
Булак: NazarNews.kg