www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. Сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы кырдаал талкууланып, түрк лидери ок атышпоо боюнча туруктуу тартип орнотуунун маанилүүлүгүн билдирген.

Маалыматка ылайык, Эрдоган Украинанын президенти Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусун уюштуруу аракетин уланта турганын да айтты.

Ошондой эле, Эрдоган Зеленский менен сүйлөшкөндө, Анкара ок атышууну мүмкүн болушунча тез арада токтотууга умтулуп жатканын жана согушту улантуу эч кимге пайда алып келбей турганын баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага укаршы согушту 24-февралда баштап, аны "атайын операция" деп атаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости