www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 24-мартта Брюсселде өтө турган НАТОнун кезексиз саммитине катыша турганын Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.

Маалыматка караганда, Чавушоглу Анталияда башкаруучу партиянын мүчөлөрүнө кайрылып: "Кийинки аптада президент мырза НАТОнун кезексиз саммитине катышат", - деп маалымдаган.

Ал эми Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псакинин айтымында, саммиттин жүрүшүндө Ак үйдүн башчысы кесиптештери менен Украинада жүрүп жаткан атайын операцияга байланыштуу мындан аркы “Орусияны ооздуктоо чараларын” талкуулайт.

Белгилей кетсек, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Орусиянын президенти Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости