www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өлө элек аюунун терисин ар ким бөлүштүргүсү” келет. Орусия “өлө элек”, бирок Батыш Москвада митингдерди уюштуруп, Путинди жок кылгысы келет. Балким Орусия жок болуп калса Кыргызстан кошулган Борбордук Азияда үстөмдүк кылууну АКШ, Кытай жана Түркия көздөп турат.

Түркиянын Өзбекстан жакка сапар алынышынын негизги себептер түрк тилдүү мамлекеттер менен бекем кызматташтык түзүү зарылдыгынан улам чыкты. Орусияны сүрүп чыгарышса анын ордун ээлеп калууга Түркия өз оюнча даяр мамлекетпиз деп турушат.

Өзбекстанга келген соң  президент Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Куксарой резиденциясындагы Ардактуу коноктор аллеясына көчөт отургузду.

Быйыл Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл, стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин түзүлгөнүнө 5 жыл толду. Андыктан, көчөт кызматташтыктын өнүгүүсүндөгү жаңы доордун башталышын жана эки элдин жакшы тилектерин билдирет, деп белгиледи мамлекет башчынын басма сөз кызматы. Белгилей кетсек, аталган аллеяда башка өнөктөш мамлекеттердин жетекчилери отургузган бак-дарактар ​​өсөт.

Орусия менен Украинада жаңжаал тереңдей берсе эртең НАТОнун мүчөсү катары Түркия да санкцияларга кошулууга аргасыз болот. Ар ким бул жаңжаалдан өзүнө пайда издеп жатат. АКШ жана Европа мамлекеттери жаңжаалдан пайдаланып Украинага курал –жарактарын сатышып миллиардаган пайда көрүүдө. Түркия деле Орусия менен Украинадага жаңжаал токтосун деген менен Украинага “Байрактар” деген учагын сатып акчага туйтунуп жатышат.

Орусия менен Украинанын делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусу сүйлөшүү процессине пайда алып келээрин Түркия күтүүдө жана эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин да көзмө-көз жолугушуусун уюштурууга даяр. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн Долмабахчедеги жумуш кеңсесинде сүйлөшүүгө катышкандарга кайрылып билдирди.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө барды. Түрк мамлекетинин башчысы делегациялар алдында сүйлөгөн сөзүндө Москва менен Киев ортосундагы азыркы конфликттин мындан ары да уланышы эч кимге пайда алып келбей тургынын билдирди. Ал тараптардын сүйлөшүүдөн реалдуу натыйжала чыгаарына мезгил келип жеткенин баса белгиледи.

Эрдоган, ошондой эле, Украинадагы кырдаал орус жана украин тараптын коңшусу жана досу болгон Түркияны катуу капалантып жатканын кошумчалады. Ал делегацияларды ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга чакырды.

Түрк президенти белгилегендей, Анкара сүйлөшүү ишин жөнөкөйлөтүү үчүн бардык колдоо көрсөтүүгө даяр. Стамбулда Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүү башталаар алдында коопсуздук чараларын күчөткөнү белгилүү болгон. Долмабахчедеги президенттик резиденцияга Орусия менен Украинанын делегация мүчөлөрүнүн келиши учурунда коопсуздук кызматтары көчөлөрдү тосушу күтүлүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости