www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-декабрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркмөнбашы шаарында жолугушуп, түркмөн газын Каспий деңизи аркылуу Түркияга жеткирүү жана Европа рыногуна экспорттоо боюнча иштерди координациялашты. Эки мамлекет башчылары Түркмөнстанга жубайы Эмина Эрдоган жана Мехрибан Алиева менен барышты.

Үч тараптуу саммитте сүйлөгөн сөзүндө түрк лидери Түркмөнстан жакында Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу статусунан туруктуу мүчө болот деген үмүтүн билдирди.

«Анкара, Баку жана Ашхабаддын бир туугандык байланыштары биздин өлкөлөрдүн стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде бекемделерине ишенем. Биздин максат – аймактык стабилдүүлүктү эске алуу менен глобалдык жана аймактык процесстерди калктын жыргалчылыгы үчүн толук пайдалануу», - деди Эрдоган.

Түрк лидеринин айтымында, мамлекеттердин өз ара кызматташтыгы азыркы сыноолордун жана кризистердин фонунда өзгөчө маанилүү.

Ал белгилегендей, орус-украин согушу дүйнөдөгү азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту солкулдатканын, Украинада болуп жаткан окуялардын кесепеттери тигил же бул жактан бардык өлкөлөрдө, анын ичинде инфляциянын өсүшүнө да таасир этет.

«Украинанын айланасындагы кризистин башынан эле мен согушта жеңүүчү жок жана дүйнө жеңилет деп айткам. Адилеттүү дүйнөгө диалог аркылуу гана жетишүүгө болот. Ошондуктан биз биринчи күндөн тартып эле согушту токтотууга аракет кылдык. Кан төгүлүп, мамлекет башчыларынын деңгээлинде дагы, башка жерлерде дагы чын ыкластуу кадамдарды жасадык», - деди президент.

Мамлекет башчы Орусия Федерациясы менен Украинанын делегациялары Стамбулда бетме-бет жолугушканын эске салып, бул сүйлөшүү үстөлү дагы деле таанылган аянтча экенин белгиледи.

Түрк лидери Анкаранын туткундарды алмаштырууга жол ачкан жана «дан келишимине» жол ачкан Украина боюнча арачылык аракеттерине көңүл бурду.

«Президент Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен байланышым ушул багытта уланууда. Узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ача турган ок атышпоо келишимине жетише алабыз деп үмүттөнөм», - деди түрк президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости