www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сирия менен жакынкы аралыкта мамилени жөнгө салууну жокко чыгарбасын билдирди.
Түрк лидери мисал катары Анкара Каир менен диалогду калыбына келтире алганын айтты.
"Жакынкы келечекте Египет менен процесс башталгандай эле Сирия менен да башталышы мүмкүн. Саясатта эч кандай таарыныч жок, - деди Эрдоган.
Түркия 20 жана 21-ноябрь күндөрдөгү операциясынын алкагында Сирия жана Ирактын аймагына абадан сокку урган. Анкара Стамбулдагы жакында болгон терактка катышкан күрт согушкерлеринин базаларын жок кылууну иш-аракеттердин максаты деп атады. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акардын айтымында, түрк аба күчтөрүнүн Сирия жана Ирактагы аба операцияларынын натыйжасында 326 террорист жок кылынды.
Буга чейин түрк бийликтери НАТО боюнча союздаштарынан Сирияда аскердик операция жүргүзүүгө уруксат суроодон баш тарткан. Анткен менен түрк президентинин басма сөз катчысы белгилегендей, өкмөт шериктештери менен Сириянын түндүгүндөгү жана Ирактагы аракеттерин талкуулоого даяр.
Булак: NazarNews.kg