www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Эрдоган, Стамбулда курулган Йешилкөйдөгү проф. Др.Мурат Дилменер өзгөчө кырдаал ооруканасынын ачылышында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда түрк басылмалары жазып чыкты.

Эрдоган, өз сөзүндө «Түркия ээ болгон саламаттык сактоо инфраструктурасы жана жалпы медициналык камсыздандыруу системасы менен пандемия процессинде көңүлдөрдү бура алган өлкө болуп саналат»,-деп айтты.

"Дүйнөдө көп сандаган өлкөнүн убактылуу талаа ооруканаларын жана префабрикат ооруканаларды куруп чечүүгө аракет кылган маселени, биз дагы кыска мөөнөттө туруктуу ооруканаларды куруп ашып өтө алдык.

Саламаттык сактоо туризминде олуттуу секириктерди жасап жатабыз. Өлкөбүзгө жана улутубузга өзгөчө кызмат менен өткөргөн ар бир күндө, бул жолдо таштаган ар бир кадам, алган ар бир демибизде Аллага шүкүр кылдык»,-деп президент баса белгиледи.

Президент Эрдоган андан соң Стамбулдагы «Хадымкөй др Исмаил Ниязи Куртулмуш» ооруканасынын ачылыш аземине катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости