www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия бир убакта Ливия менен Тоолуу Карабахка кандай кирсе, Израилге да ошондой кириши мүмкүн.

Бул тууралуу түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Ризе шаарында бийликтеги Ак партиянын жыйынында сүйлөгөн учурда билдирип, анын сөзү жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөнүн РИА Новости агенттиги жазды.

"Израил Палестинада акылга сыйбас иштерди кылбашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Тоолуу Карабак менен Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой кыла алабыз, буга эч тоскоолдук жок", - деди түрк лидери.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катц Эрдогандын эскертүүсүнө жооп берип, Эрдоган Иракты 1979-2003-жылдары башкарып, 2006-жылы өлүм жазасына тартылган Саддам Хусейндин тагдырын кайталашы мүмкүн экенин айтты.

“Эрдоган Саддам Хусейндин жолун жолдоп, Израилге кол салам деп коркутууда. Ал жерде эмне болгонун, эмне менен аяктаганын ага жөн гана эстетип коелу”, – деп жазган Катц X (мурдагы Twitter) баракчасына.

Белгилей кетсек, Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин анклавга жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашты, 89,8 миңден ашуун адам жараат алды.

Последние новости