www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен Киев ортосундагы кризисти жоюу үчүн Анкара ортомчулук аракеттерин улантууга даяр. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканын РИА Новости жазды.

"Түркия Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышууну токтотуу үчүн ортомчу болуп, эки элдин ортосунда тынчтыкты орнотууга чын ыкластан умтулат", — деди Эрдоган.

Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Тараптардын консультациялары февраль айынын аягында башталган. Делегациялар Беларуста эки ирет бетме-бет жолугушуу өткөрүп, видеоконференция аркылуу жолугуп турмай болушкан. Ал эми март айынын аягында Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду өткөн.

Булак: NazarNews.jg

Последние новости