www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Тайип Эрдоган мындан ары ал үчүн Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакистей саясатчы жок экенин, түрк лидери аны менен жолугууга да, сүйлөшүүгө да ниети жок экенин билдирди.

"Аны менен жолугушууда биз үчүнчү өлкөлөр менен болгон мамилебизге кийлигишпейбиз деп чечкенбиз. Ага карабастан, ал АКШга болгон сапарында Түркияга каршы айтыла турган сөздөрдүн бардыгын айтып, Түркияга F-16 бербөөгө чакырды. Быйыл биз стратегиялык кеңештин жыйынын өткөрүүнү пландаганбыз, бирок мен үчүн Мицотакистей саясатчы эми жок, мен аны менен жолукпайм", - деди Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында.

Эрдогандын айтымында, Түркия сыйлуу инсандар жана саясатчылар менен гана кызматташат. "Эми мындан кийин ал өзү ойлонуп көрсүн. Ким менен жолугуп, кимдер менен аскердик базаларды түзүп жатат. Америка Мицотакистин сөзүнө таянып, F-16 боюнча чечим чыгарбайт деп үмүттөнөм", - деп кошумчалады түрк лидери.

Эске салсак, май айынын башында Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис АКШ Конгрессин Түркияга курал сатууну жактырбоого үндөп, Анкараны Жер Ортолук деңиздин чыгышында стабилдүүлүктү бузууга аракет кылып жатат жана Грекиянын суверенитетин бузуп жатат деп айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости