www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия: Батыш Орусияны кыйрата албайт

Орус экономикасын Батыш сындыра алган жок. Өлкөнүн каржы системасы ишин улантып, рубльдин еврого карата курсу акыркы жети жылдагы рекорддук чекке жетти, деп жазат Германиянын Deutsche Wirtschafts Nachrichten басылмасы.

Көптөгөн батыш аналитиктери Орусиянын Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын аскерий операциясы башталгандан кийин рубльдин толук кулап, рецессия болоорун болжолдогон, бирок алардын тыянактары туура эмес болуп чыкты, деп белгилейт DWN.

Мындай абалдын себебин басылма Орусиянын экономикалык тирешүүгө жогорку даярдыгы болгон деп эсептейт.

Тактап айтканда, расмий Москва мунай жана газ сатуудан чоң киреше алат. Евробиримдик Орусиянын "кара алтынынан" баш тартууну убада кылган "Чоң жетинин" өлкөлөрүнөн айырмаланып, мындай кадамга бара албайт. Кошумчалай кетсек, Орусия сатуудагы жоготууларынын көбүн Индия менен Кытайдын эсебинен толтурган.

Белгилей кетсек, буга чейин кытайлык Global Times басылмасы Азиянын, Түштүк Американын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрү салттуу түрдө тышкы саясатта блокко кирбеген мамилени карманып, антиорусиялык санкцияларды колдоодон чечкиндүү баш тартканын эске салган.

Жакынкы Чыгыштын көпчүлүк мамлекеттери да Украинадагы кырдаал боюнча резервдик позицияны карманышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости