www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Орусияны согуш талаасында жеңиш керек", - деп жарыя кылып жаткан Батыш саясатчылары мектепте начар окуп, биздин өлкөнү жакшы билбейт окшойт. Бул тууралуу РИА Новости РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтымына таянып жазды.

Тышкы иштер министри - Евгений Примаков атындагы гимназиянын "Лидерге 100 суроо" долбоорунун алкагындагы иш-чарага катышкан. "Орусия утулушу керек деп айтып жатышат. Алар Орусияны жеңип, биздин согуш талаасында утулушубузду каалап жатышат. Силерди тарыхты Батыш саясатчыларына караганда жакшы билет деп ишенем. Алар мектепте начар окуса керек. Булар болуп өткөн нерседен туура эмес тыянак чыгарып жатышат", — деген Лавров.

ТИМ башчысынын айтымында, акыры Батышка Жер жүзүндө жаралып жаткан чындыкты таанууга туура келет. "Алар Орусиянын жана кайда жашабасын орустардын кызыкчылыгын дайыма тебелей берүү мүмкүн эмес экенин таанууга мажбур болушат", — деди ал. Лавров Украинадагы атайын операция башталгандан бери Батыш русофобияга ооп кеткенине таң калганын да айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости