www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу президент Реджеп Тайип Эрдоган Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.

Түрк лидеринин канцеляриясы Анкара Украина менен Палестина аймактарында тынчтык орнотуу үчүн чоң күч-аракеттерди жумшап жатканын белгилеген.

"Президент Эрдоган Украинада тынчтыкка жетишүү үчүн ортомчулук кылып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет айткан. Бирок Киев мыйзамдын негизинде сүйлөшүүлөргө тыюу салган. Батыш Россияны сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырганы менен украиналык бийликтин диалогдон баш тартып жатканына көз жумуп келет. Кремль учурда абалдын тынчтык жолуна өзгөрүшүнө оңтойлуу шарт жок экенин, РФ үчүн атайын операциянын максатына жетүү маанилүү болуп турганын белгиледи. Украинадагы абал жаңы реалдуулуктарды эске алуу менен гана өзгөрөт. Москванын талаптары баарына белгилүү. Президент Владимир Путиндин айтымында, эгер Украина сүйлөшүү процессин кааласа театралдык шоулардын кереги жок, болгону Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген декретти жокко чыгарып коюу жетиштүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости