www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Газадагы Израилдин мыкаачылыгын токтотуу үчүн кызуу дипломатиялык аракеттерди көрүп жатканын айтты.
Президент Будапештте Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Газадагы акыркы абалга баа берген Эрдоган: «Газада болсо Израилдин ырайымсыздыгын мүмкүн болушунча тез арада токтотуу үчүн бардык күчүбүз менен иштеп жатабыз. Түркия катары шашылыш ок атышпоо жана ок атышпоонун токтошуна жол бербөө үчүн биринчи күндөн бери кызуу дипломатиялык аракеттерди көрүп жатабыз»,-деди.
Эл аралык коомчулукту да ушундай жоопкерчиликти алууга чакырган Эрдоган, көз карандысыз, эгемен жана жеринин бүтүндүгү корголгон Палестина мамлекетинин сөзсүз түрдө болушу керектигин белгиледи.
Орусия-Украина согушуна көңүлдөрдү бурган Эрдоган, зомбулуктун чечим эмес экенин айтты.
Эрдоган: «Украинада дипломатиялык чечимге багытталган иштерге басым жасалышы керектигин башынан бери айтып келе жатабыз. Түркия катары тараптардан талап болсо бүтпөй калган Стамбул процессин жандандырууга даярбыз»,-деп айтты.
Эрдоган келишимдер менен Түркия менен Венгриянын ортосундагы байланышты дагы да бекемдөөнү максат кылгандарын белгилеп, Венгрия менен Орток соода комитетин түзгөндөрүн жарыялады.
Президент Эрдоган: «Үстүбүздөгү жылдын 11 айында соода көлөмүбүз былтыркыдан ашып, 4 миллиард долларга жакындады, 6 миллиард доллардык орток максатка жетүү үчүн чечкиндүүбүз»,-деди.
Венгриянын премьер-министри Орбан Европа Биримдиги менен визасыз режим боюнча Түркияны колдогондорун билдирди.
Президент Эрдогандын келерки кылым (Түркия кылымы) үчүн чоң долбоорду ортого салганын белгилеген Орбан: «Кийинки жүз жыл сиздики болот. Биз буга ишенгенбиз, ошондуктан бул келишимдерди түздүк», - деп айтты.
Биргелешкен маалымат жыйынынын алдында Түркия менен Венгриянын ортосунда 16 келишимге кол коюлду.
Булак: NazarNews.kg