www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 29-30-мартта расмий сапар менен Өзбекстанга келет. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Эрдоганды Ташкенге өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев чакырган.

"Сапардын алкагында жогорку даражалуу конок Жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк боюнча өзбек-түрк кеңешинин экинчи жыйынына катышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде эки тараптуу ынак мамиле менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, эки өлкө ортосунда көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралган. Соода-инвестициялык, инновациялык, өндүрүш, логистика, туризм жана башка багыттардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасалат.

Сүйлөшүү маалында Мирзиёев менен Эрдоган эл аралык жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости