www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июлунда Түркия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле ар кыл багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктери ырасталды.
Бириккен Улуттар Уюмунун, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Президент Р.Т. Эрдоган Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруусуна каалоо билдирди.
Тараптар ошондой эле түрк дүйнөсүнүн алкагындагы кызматташтыкты чыңдоонун жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.