www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку мезгилде Түркиянын саясий күн тартибинде “Эрдогандан кийинки мезгил” деген тема кайрадан активдешти. Бул талкууларга “Hürriyet” гезитинин белгилүү обозреватели, бийликке жакын журналист Абдулкадир Сельви да өз көз карашын билдирди. Анын пикири боюнча, бул дискуссия табигый процесс эмес, тескерисинче, башкаруучу Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын (ПСР) ичинде жасалма түрдө козутулуп жаткан интриганын бир бөлүгү.

Сельви Түркиянын саясий тарыхында мындай сценарий мурда да колдонулганын эскертет. Озалдан кийинки ANAP, Демирелден кийинки DYP ички тирешүүлөрдүн айынан алсырап, саясий аренадан четтеп калган. Журналисттин ою боюнча, бүгүн ошол эле сценарий ПСР үчүн “Эрдогандан кийин” деген ураандын алдында даярдалып жатат. 

Анын айтымында, ПСР 23 жылдан бери бийликте туруп, бул мезгилде эки президентти жана төрт премьер-министрди чыгарган. Мындай саясий тажрыйбасы бар партия үчүн, өлкөнү дагы эле ийгиликтүү башкарып жаткан күчтүү лидер турганда, альтернатива издөө логикага сыйбайт.

Ошол эле учурда, Сельви Эрдогандан кийин ким деген талкууларда атайын бутага алынышы мүмкүн болгон төрт ысымды да атады:

• Тышкы иштер министри Хакан Фидан

• Улуттук чалгын уюмунун башчысы Ибрагим Калын

• Президенттин уулу Билал Эрдоган

• «Baykar» компаниясынын жетекчиси, күйөө баласы Сельчук Байрактар

Бул ысымдар мураскер катары эмес, тескерисинче, партия ичиндеги мүмкүн болгон тирешүүлөрдү күчөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн деген ой айтылат.

Белгилей кетсек, Режеп Тайип Эрдогандын учурдагы президенттик мөөнөтү 2028-жылы аяктайт. Конституциялык жана саясий жагынан ал кайрадан талапкер боло алабы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок Сельвинин макаласында Түркия саясатында Эрдоган фактору али узак убакыт негизги ролун сактап калышы мүмкүн экени тууралуу көз карашты байкоого болот.

Последние новости