www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 16-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Украинага 18-августта келери күтүлүүдө деп билдирди. Бирок расмий Анкара бул тууралуу унчукпай келет.
Бүгүн, 17-августта Түркия Республикасынын президентинин сайтында Режеп Тайып Эрдогандын Украинага сапары тууралуу расмий маалымат пайда болду.
«Президент Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен 2022-жылдын 18-августунда Львовго бир күндүк иш сапары менен барат.
Президенттин украиналык кесиптеши менен жолугушууларында стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги түрк-украин карым-катнаштарынын бардык аспектилери бааланат.
Сапардын алкагында Украинанын Президенти Владимир Зеленский менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш мырзанын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу пландалууда. Анда украин данын дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн түзүлгөн механизмдин улантылышы жана украин-орус согушун дипломатиялык жол менен токтотуу үчүн кандай кадамдар жасалышы талкууланат», — деп айтылат Түркиянын президентинин аппаратынын пресс-релизинде.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сочиге болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путинди украин лидери Владимир Зеленский менен жолугушууга чакырган.
Белгилей кетсек, Режеп Тайып Эрдоган Украинага каршы аскерий операциялар башталардан 20 күн мурун Киевге барып, Зеленский менен бир катар маселелерди талкуулаган. Бул жолугушууда Путин менен Зеленскийдин Стамбулда жолугушуусу да күн тартибинде болгон жана Зеленский Эрдогандын сунушуна макул болгон.
Ошондой эле бул жолугушууда Украинада Түркия менен кызматташтыкта учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу келишимине кол коюлду.
Булак: NazarNews.kg