www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ереванда эки күндөн бери оппозициянын нааразылык акциясы өтүп жатат. "Каршылык" кыймылы Никол Пашиняндын өкмөтүн Тоолуу Карабактын суверендүүлүгүн таануу жөнүндөгү Азербайжан менен келишим түзүү ниетине күнөөлөп жатат.
Оппозициянын пикиринде, окуянын мындай өнүгүшүн коомчулуктун басымы менен Пашинянды отставкага кетирүү аркылуу алдын алууга болот.
Демонстранттардын бир бөлүгү 26-апрелде кош бойлуу аялдын каза болгонуна нааразылыгын билдиришүүдө. Аны Пашиняндын кортежиндеги автоунаалардын бири сүзүп кеткен.
Шаршембиде армян бийлиги кайгылуу окуя учурунда премьер-министр кортеждеги автоунаалардын биринде болгонун мойнуна алды. Пашиняндын аппараты премьер машиненин терезесинен "жыгылган аялды" көрүп, тез жардам чакырууга буйрук бергенин, бирок аны кортеждеги унаа сүзгөнүн билбегенин ырастоодо. Эмне себептен аялга жардам берүү үчүн кортеж токтогон эмес деген суроого Пашиняндын аппараты бул тыгын жаратып, "тез жардам" унаасынын өтүшүнө тоскоол жаратмак деп жооп кайтарды.
Аялды да, ымыркайды да сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Трагедия жөнүндө билген соң Пашинян 28 жаштагы Сона Мнацаканяндын атасы менен жолугуп, көңүл айткан, окуяны тыкыр иликтөөгө убада берген.
"Азаттыктын" армиян кызматы билдиргендей, шейшембидеги акция учурунда бейбаштык шеги менен 3, шаршембиде 20дай киши кармалды.
Булак: NazarNews.kg