www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады.

Кеңешмеге Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрү – Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. «2021-2024-жылдарга Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйрук;

2. «Евразиялык экономикалык биримдиги алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) жөнүндө» чечим;

3. «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2021-жылдын 21-сентябряындагы №129 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө» чечим;

4. «Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;

5. «Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

6. «Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө келишим долбоору үстүндө иштин жүрүшү тууралуу» маселе алкагындагы тапшырма;

7. «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы 2020-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө» буйрук;

8. 2021-2022-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, тери сырьесу, пахта буласы жана жүн боюнча суроо-талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө» буйрук;

9. «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерди Евразиялык экономикалык биримдигинде өндүрүлүшү 2024-жылга чейин камсыздала турган, медициналык пайдалануу үчүн стратегиялык маанилүү дары-дармектер жана фармацевтикалык субстанциялар менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйрук;

10. ЕАЭБдин алкагында кредиттик таржымалга киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө келишим;

11. «Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө» жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечим долбоору жөнүндө» чечим;

12. «Евразиялык экономикалык биримдиктин 2022-жылга бюджети жөнүндө» Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө» чечим;

13. «Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын сотунун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө ревизия жүргүзүү жөнүндө» буйрук;

14. «Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук;

15. «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости