www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» дейт. Бул жаңы парламент «Төө көтөргүс жүк» көтөрүп жаткансып, тайралаңдаган эрке вице-премьер Эдил Байсаловду такалап койгусу келишет. Аксы округунан Нурлан Шакиев «чу» дегенде эле Эдил Байсаловду алка-жакадан алып, сын-пикирин айтты. Эрке Эдил Байсалов парламентти үйрөткүсү келип жатканын баса белгилеп, «балакай баатырдын» этикасы тууралуу маселе көтөрдү. Байсаловду чалчактатпай тезинен ооздуктап, башкаларга үлгү болуш үчүн тартипке чакырып коюуга чакырды. !Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат Исхак Масалиев да Эдимл Байсаловго «бурама токочторду» жаадырды. Атажуртчу депутат Айбек Маткеримов да ага сын пикирин жаадырды. Президент менен минкабдын парламенттеги өкүлү Алмас Абытов туура түшүнүп президентке бул сөздү жеткирем деп убадасын берип жиберди.

БШК депутаты Темирлан Султанбеков: «Байсалов психиатрга көрүнсүн» -деп бекер жеринен айткан эмес чыгар. Жаңы парламент «аа» легенде эле Эдил Байсаловдун орой мамилесине жооп бере башташты. Оппозицияда жүргөндө бийликти жекирип, сындап, НПОлордун башында жүргөн  Эдил Байсалов колунан эч нерсе келбесин айгинелеп жатат. Ага караганда 2015-жылы “Бир бол” фракциясын түзүп, бүгүн анын ашмалтайын чыгарып “Альянска” өткөн Алтынбек Сулайманов: " Аймактарды өнүктүрүү деген жыл жарыяланып, сөз боюнча калып кетти. Менин оюмча айыл өкмөттүн башчыларына мүмкүнчүлүк бериш керек. Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү деген кызматты жоюш керек. Анын эмне кереги бар? Акимдерди бүгүн болбосо келечекте жоюу зарыл. 453 айыл өкмөт башчыларын кыскартып, алар менен премьер-министр түз иш алып бериши шарт. Ортомчулардын эмне кереги бар? Алар лента кесип, чоң кызматтагыларды тосуп алгандан башка иши жок. Айыл өкмөт башчылардын өзүнө бүт маселени берүү зарыл", - деп бапылдап калат.

Кыргызстанда 44 район болсо, көпчүлүк  райондун акимдери жаңы дайындалды. Мисалы Орусияда кадрдык резервдер 100 миңдеген адамдын арасында ачык конкурстук негизде тандалып алынат. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси район акимдерин ротациялоодо бир нече критерийи эске алынганы билдирди. Ага ылайык, аттестациядан өткөн, өз ордуна ылайык келген кадрлар тандалып, «түндүк аймактан түштүккө», «түштүк аймактан түндүккө» деген жобо менен которулду. Акимдерди ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» жарлыкка ылайык жүргүзүлдү. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов республика ишкерлерин коркутуп-үркүтүүгө өтүп алды. Анын минтип демитип, күпүлдөп жатышынын себеби бирөө эле. Ал Акылбек Жапаровдордун бюджеттин кирешесин 400 млрд. сом, сомго жеткирем деп жагалданып жатканында. Бул көрсөткүчтөргө ал экономиканы, бизнести өстүрүү менен эмес, кысымга алуу, “сыгып тамчылатуу” менен жетишебиз деп күпүлдөп-дүпүлдөп жатат.

Эдил Байсалов жергиликтүү ишкерликти “доморощенный же эч нерсеге жарамсыз, байкуш” деп атап, асмандан түшкөндөй эдиреңдейт. “Жарамсыз, байкуш” жергиликтүү ишкерлик адилеттүү башкаруу көрбөптүр, эми мына ушу Байсалов көрсөтөт экен. Ал көрсөткөндө бизнеске өтө катуу тийет (“очень больно будет” дейт) экен. Анын шефи Акылбек Жапаров да “салыкты сыдырыта тегиз жыйнайбыз. Сөзсүз катуу тийет (бизнеске). Ачуу, катуу дары беребиз. Керек болсо хирургияга барабыз же кесип салабыз” дейт. Акылбек Жапаров салык төлөбөө инвестициянын келбей жатышынын башкы себеби дейт. Бирок бул сөзү 2026-жылга чейинки Улуттук программа деп аталган өкмөттүн сайтында турган программада айтылган жобого карама-каршы келет. Ал программада “бизнестин, демек инвестициянын башкы проблемасы Сот системасынын жарамсыздыгы” деп туура аталган. Кыргызстанда сот системасынын президенттен, бийлик чөйрөсүнөн көз карандылыгы экономика, бизнес, инвестицияга эле эмес, саясий системанын (кандай болбосун — президенттик, парламенттик, аралаш бийлик системалары) ашмалтайы чыгышына, коомдун деградация болушуна негизги себепкерлерден болуп келатат…

Жапаров жана Байсаловдун күпүлдөп-дүпүлдөөсүнөн кийин салыкчылар беш-ондоп көчөгө чыгып, дүкөнчө болобу, самсыкана болобу, навайкана болобу текшерүүгө киришкен. Алардын бул аракетинен кандай натыйжа болорун айтуу кыйын. 2020-жылы республикадан инвестициянын чыгып кетүүсү дээрлик 1 млрд. доллар болгон экен. Бул ошол эле өкмөттүн программасында көрсөтүлгөн сан. Байсалов чабуулунан канча жаран чакан жана орто ишкерлигин токтотуп же сыртка которуп, Орусияга мигрант болуп кетет? Муну да айтуу кыйын.

Учурунда Убактылуу Өкмөттүн аппаратын тейлеп Конституцияга түздөн-түз тиешеси бар Эдил Байсаловдун айтуусунда Текебаевдик Конституция иштебейт экен. Ал 2010-жылы айтса болмок, эми бийликке келген соң 2022-жылы божурабай. Ошол Конституцияны Өмүрбек Текебаев өзү эле жалгыз жазып койгон сыяктуу. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Конституцияны карап чыгыш керек” деп айтып жүрдү. Албетте айтат. Анткени, Конституция кабыл алынып жатканда Атамбаев келип, аны барактап, бир нерсесин чиймелеп катышканы эсте жок. Анын баарын Текебаев НПОлорду чакырымыш болуп, маалымат каражаттарына чыгарып, өзү жазган. Ошого катышып жүргөн бир мүчөсү Токтайым Үмөталиева “Биз бекиткен документ эмес” деп кыйкырып жүрдү.

Текебаев Отунбаеваны алдап “сиз президент болуңуз, биз шайлап беребиз” деп бул Конституцияны өткөргөн. Ага деле Отунбаева макул болуп берди. Өмүрбек Чиркешовичтин кичинекей чагынан бери президент болом деген ою бар да. Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткарчу. Ага бийликти толугу менен өткөрүп берди да: “Тышкы саясатка чейин сиз чечесиз. Президент бир дагы маселеге катыша албайт” деп ишендирейин деп далай эле аракет кылды. Негизги максаты Атамбаевди “Сен премьер-министр болуп каласың. Бийликтин баардыгы сенин колуңда. Президентке кичине эле бийлик калат. Отунбаевадан кийин шайлоого сен барба. Мен эле болоюн. Сен премьер-министр болуп калып, мамлекетти башкар” деп ынандыруу болчу. Конституциянын биринчи тамгасынан баштап, акыркы тамгасына чейин ошол максатта: Атамбаевди ишендирип, президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн жазган Текебаев. Бирок, ал ишке ашпады. Мына азыр баары урап, талкаланып, министрликтерде, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эле мамлекеттик бийлик болбосо, сыртында эмне болуп атканы, ким бийлеп атат, ким тартипти орнотуп жатат эч ким билбей калган.

Мамлекетибиз талкаланганы Конституцияда экенинде ким танат?! Бул Конституция иштебей, жарашпай турганына баарыбыздын эле көзүбүз жетип алмаштырдык. Партиялар ушул системада бекемдешет, өздөрү чабак курганды үйрөнүшөт, “көч бара бара түздөлөт” деген Текебаевдин сөзү калп болуп чыкпадыбы. Текебаевди шыйпалаңдап ээрчип жүргөн Эдил Байсалов 180 градуска бурулуп башкаларды ээрчип калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости