www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актёр жана режиссёр Эркин Эгембердиев Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Эгембердиев 1985-жылы 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Таш-Сарай облусунда туулган. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн.

Актёр «Белгисиз маршрут», «Боз салкын», «Сен эмне кылмаксың», «Мегатой» жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү. Ошондой эле ЭлТРде «Сайрандаш» жана Санат каналында «Бишкек бульвары» теледолбоорлорун негиздеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости