www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркингүл Иманкожоева: «Кумтөр боюнча биз утулдук»

«Кумтөр боюнча биз утулдук», - деди бүгүн, 8-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.

- Эркингүл Бекбачаевна, Кумтөрдү 100 пайыз мамлекетке алып, уттук деп кубанып жатсак, сиз утулдук деген ойду айтуудасыз. Эмне үчүн утулдук?

- Сот 261 миллиард сомго Кумтөрдү экология боюнча доого жыккан. Ал доллар менен 3 миллиард болмок.  Кумтөрдү мамлекетке алганыбыз менен 100 миң доллар алат экенбиз. Акциянын баарын алар алышып, экологияга эч нерсе төлөшпөйт экен. Ошол жагынан утулдук.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 4-апрелде министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости