www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр Голд» компаниясы менен 15 жыл соттоштум, акыры жеңдим», - деди бүгүн, 14-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.
- Эркингүл эже, райондук соту экологияга келтирген зыяны үчүн «Кумтөрдү» иштеткен компанияны 261,7 млрд. сом төлөсүн деген токтом чыгарды. Айрымдар бул убакытты созуу эле, алар төлөбөйт деген пикирлерин айтышууда. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Экологияга келтирген зыян боюнча 2013-2014 жылдары «Центерраны» Өкмөт сотко берген. Райондук сот өкмөттүн пайдасына чечим чыгарган. Ошентип, «Кумтөрдү» иштеткен компания мамлекетке бир нече миллард сом төлөп бермек болгон. Бирок, кандайдыр бир себеп менен Мамлекет соттук ишти кайра кайтарып алган.
Мен ошондо өкмөттүн ишти кайтарып алганынын себебин түшүндүрүп берүүсүн талап кылып, Парламентте өкмөттү катуу сынга алганмын. Жооп болгон эмес. Андан бери да табийгатыбыз талкаланды, мөңгүлөр жоголду, сөзсүз түрдө компания бузулган экологиябыздын чыгымын төлөшү керек! Бул дүйнөлүк практикада, эл аралык соттордо мындай иш каралып келет.
Бирок биздин мамлекетте, сотко берген жарандардын экологиялык, юридикалык, эл аралык сабаттуулугу талапка жооп береби, эл аралык сотту ынандыра турган фактылар жетиштүүбү ошол маселе болушу мүмкүн. Муну айтып жатканымдын себеби, компанияда эл аралык практикасы бар чоң юридикалык компаниялар иштейт.
Мен мисалы, «Кумтөр Голд» компаниясы менен 15 жыл соттоштум, акыры жеңдим. Эмнеге мынча узак дебейсиңерби, Ата Мекендик согуш деле 5 жылда бүткөн, бирок Кыргыз мамлекети менен «Центерра Голд» Компаниясынын ортосунда Тынчтык Келишими болгон, ошол келишимди мыйзамсыз деп табыш үчүн 6-7 жыл убакыт кетти!
- Бирок, суу кодексине кирген өзгөрүүлөр да экологиялык зыянды көбөйттүбү?
- 2017-жылы азыркы парламенттин депутаттары, мөңгүгө таштанды таштаганга, талкалаганга уруксаат беришкен. Тактап айтканда, Сапар Исаковдун өкмөтү «Суу кодексине» өзгөртүү киргизип, Парламент колдоп, А Атамбаев мыйзамга кызматтан кетип жатып кол койгон.
- Сиз жазган «Мөңгүлөрдү» сактоо боюнча мыйзам колдоо тапкан эмес беле?
- Мен 2014-жылы «Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү» жөнүндө мыйзам чыгаргам, ал мыйзамда мөңгүлөрдү талкалоого, бир жерден экинчи жерге которууга, жардырууга тыюу салынат деп турат. Ал мыйзам колдоо тапканда тоо-кен өндүрүшү жердин асты менен казуусу керек эле.
Өкүнүчтүүсү, ал мыйзам парламенттен колдоо тапканы менен мыйзамга ошол кездеги Президент А. Атамбаев кол койбой койгон. Ошентип, мыйзам күчүнө кирбей калган. Ошондой болсо да, мөңгүнү талкалоону токтотуу керек! Антпесек, суу жок, Нарын суусу толбой калып, энергетика системасы талкаланат.
Булак: NazarNews.kg