www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жаңы жетекчилиги сегиз айга жакын убакыт ичинде тармактагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасап жатканын билдирди. Минкаб төрагасынын орун басары, министр Эрлист Акунбеков министрликтин ичиндеги айрым тармактарды көзөмөлдөп келген топторду «мафия» деп атап, алар менен күрөш жүрүп жатканын айтты.

Маектин дагы бир өзгөчө жаңылыгы — Кыргызстандын биринчи спутнигин космоско учурууга даярдык жүрүп жатканы жана министрликтин алгачкы сегиз айдагы ишмердиги тууралуу Минкаб төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков NazarNews’ка берген маегинде айтып берди.

— Эрлист мырза, Минкаб төрагасынын орун басары жана Айыл-чарба министри болуп келгениңизге 8 айга чукул убакыт өттү. Бул убакытта эмне иштер менен көбүрөөк алектендиңиз?

— Эми Айыл-чарба министрлиги мурунку министрликтей эмес, көп тармактар бир министрликке бириги абдан кеңейгенин жакшы билесиздер. Демек, бизде иш абдан көп. Ачык эле айтып коюшум керек мен бул тармакка келгенден бери эле мафияларды жоюу менен күрөшүп келе жатам…

— Кокуй, эмне болгон мафия экен?..

— Ушул министрликтин ичиндеги эле мафиялар. Ар бир тармак боюнча өз-өзүнчө мафия болуп алышыптыр. Мисалы, Кытайдан тоок этин алып келгендерди уйгурлардын мафиясы көзөмөлдөйт экен. Балык чарбасына жем алып келгендерди дагы бир ууч топ мафия карайт экен. Берки ветеринарияга ваксина алып келгендерди дагы бир топ мафия карайт экен. Ушундай ар бир багыт боюнча көзөмөл кылган, алардын айтканы айткан, дегени дегендей болгон мафиялар ээлеп алышыптыр. Ошолорду жок кылуу менен алектенип, ошолор менен күрөшүп атам. Буюрса акырындык менен баарын оң жолго коюп келе жатабыз… Бир эле мисал айтайын, жанагы Кытайдан тоок этин алып келген уйгурлар башында турган мафияны жок кылып, алардын, ошол бир ууч мафиянын чөнтөгүнө түшүп келген каражатты түз мамлекеттин казынасын түшө тургандай системага киргиздик. Анын натыйжасы менен мына акыркы 6-7 айда эле казынага 455 миллион сомго чукул каражат түштү. Мына ушинтип иштеп атабыз…

— Жакынкы 2-3 күндүн ичинде АКШга кетип атканыңызды уктук?

— Ооба, «Кудайдын кулагы сүйүнсүн» Кыргызстаныбыз биринчи жолу космоско спутник учуруунун алдында турат…

— Болсун-болсун, качан?

— Келе жаткан айдын биринде, тактап айтсам 2026-жылдын 1-октябрь күнү АКШнын Колфорния штатынан биринчи спутнигибизди учуруу пландалууда. Бул биздин жетишкендигибиз десем жаңылыйшпайм. Буга чейин биздин «Кыргыз электроника» ААКыбыз компьютерлерди жана ККМ аппараттарын чогултуу менен эле чектелип келген болсо, биз бүгүн жаңы деңгээлге чыгып атабыз. Бул спутниктен алынган маалыматтар менен айыл-чабасын жаңы багытка көтөрсөк болот. Дегеним, спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу менен үшүк жүрүү же кургакчылык коркунучун алдын ала байкап, ошондой эле түшүмдүүлүктү да жогорулатуу үчүн да колдонсок болот.

— Сиз айтып жаткан бул спутник нөлдөн баштап өзүбүздө жасалдыбы?

— Ооба, спутник өзүбүздөн жасалды. Аны иштеп чыгууга 2,5 жылдын тегерегиндеги убакыт кетти жана салмагы 5 киллограмм. Аталган спутник көп тармактуу экенин баса белгилеп кетсем болот жана анын ичинде так ушул айыл-чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар.

Биз менен маекте Минкаб төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков болду. 

Амантур Мусагулов, NazarNews

Последние новости